Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Балташев: "Кыргыз жараны" концепциясы ынтымакты бекемдейт

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары Илиязбек Балташев
Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары Илиязбек Балташев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары Илиязбек Балташев "Кыргыз жараны" концепциясы иштелип чыкканын маалымдады.
"Кыргыз жараны" концепциясы өлкөдөгү этностор арасында ынтымакты бекемдөөгө багытталат. Бул тууралуу Илиязбек Балташев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Балташев: "Кыргыз жараны" концепциясы ынтымакты бекемдейт
Анын айтымында, 2020-жылдын 10-ноябрында президенттин тийиштүү жарлыгы чыгып, өкмөткө тапшырмалар берилген.
"Кыргызстандын баа жеткис байлыгы — бул ажайып табияты жана көп улуттуу эли. Мына ушуну барктап, сактоо ар бир жарандын милдети. "Кыргыз жараны" концепциясынын түзүлүшү 80ден ашык улуттун башын бириктирүү. Бул багытта бир катар отурумдар өтүп, документ иштелип чыгууда. Анда этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган аракеттер камтылат. Аталган концепция улуттук идеологияны ишке ашыруунун бирден-бир бутагы болуп саналат. Анын артыкчылыктуу беш багыты бар. Ага ылайык, Кыргызстанда жашаган этностордун улуттук дөөлөттөрүн, маданиятын сактоо, мамлекеттик тилди үйрөтүүгө шарт түзүү, ошону менен бирге эле башка тилдерде эркин сүйлөөгө мүмкүндүк берүү камтылган. Учурда жарлыкты ишке ашыруунун алкагында 2021-2026-жылдар аралыгында аткарыла турган иш-чаралардын планы, тийиштүү долбоорлор иштелип чыгып, коомдук талкуу жүргүзүлүүдө", — деди Балташев.
Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Кыргыз жараны" концепциясынын идеологиясын камтыган китептер даярдалып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0