Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Чет өлкөдө ишке орноштурчу агенттиктен эмне талап кылуу керек? Юристтин кеңеши

39
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров чет өлкөгө иштөө үчүн кетип жатып эмнелерди эске алуу керектигин айтып берди.

Чет өлкөдөн жумушка орноштура турган агенттикти кылдат тандоо керек. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.

Чет өлкөдө ишке орноштурчу агенттиктен эмне талап кылуу керек? Юристтин кеңеши

Анын айтымында, чет өлкөдө жумушка орношуу үчүн туристтик виза жарабайт.

"Чет өлкөгө иштегени кетип жатканда жумуш берүүчүнү өлкө ичинде тапкан жакшы. Виза алууда же жөн эле барып албаш үчүн жумуш шарттарын иш берүүчү менен аныктап алган дурус. Андан кийин керектүү документтерди даярдоо зарыл. Кайсы өлкөгө чыгып жатканына жараша шарттары болот. Көбүнчө иштегенге чыккан убакытта мөөнөтү бүтпөй турган жарандык паспорт, жумуш визасы, иш берүүчүнүн чакыруусу, медициналык камсыздоо, ден соолугу жана соттолбогондугу тууралуу тактама сыяктуу документтер талап кылынат. Эгерде ишке орноштура турган агенттик аркылуу кетүүнү мерчемдесеңиз, алар тийиштүү документтерди даярдоону колго алуусу зарыл. Келишимдик негизде жумуш сунуштагандарга артыкчылык берүү керек. Себеби кандайдыр бир тобокелчиликтердин алдын алат. Ишке орноштуруучу агенттикти кылдат тандап, уруксат кагазын же лицензиясын текшерүү шарт. Алар менен кызматташуу жазуу түрүндө, келишимге кол коюу менен жүргүзүлүшү абзел. Ошондой эле алардын кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөмдөргө квитанция талап кылуу керек. Колдон келсе чет өлкөгө чыгып жатканда юристтен консультация алган туура. Башка мамлекетте жүргөндө документтерди эки көчүрмө кылып бирин жаныңызда, экинчисин үйдө сактаңыз", — деди Бакиров.

Ошондой эле ал мүмкүнчүлүккө жараша бара турган өлкөнүн мыйзамдары менен таанышып алуу керектигин кошумчалады.

39
Белгилер:
миграция, жумуш, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Бакиров: маяна кечиксе иш берүүчү кошумча акы төлөөгө милдеттүү
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев

Чокиев: согуш убагында жылына бирден операнын премьерасы болуп турган

20
(жаңыланган 17:43 21.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев учурда коомдо чыгармачыл союздарды каржылоого алган меценаттык жолго коюлбаганын белгиледи.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жылына бирден операнын премьерасы болуп турган. Бул тууралуу Турдубек Чокиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Чокиев: согуш убагында жылына бирден операнын премьерасы болуп турган

Анын айтымында, соңку 30 жылда опера жана балет театрында бир дагы премьера коюла элек.

"Эгемендүүлүк алгандан бери чыгармачыл союздар кароосуз калды. Колдоо маселеси көтөрүлсө каражат жетишсиздигин жүйө кылышат. Анткен менен эки кабат үйдө жашап, кымбат унааларды айдап жүрүшөт. Маселен, опера жана балет теарында эгемендүүлүк алган жылдары бир дагы опера коюлган жок. Мурдагы эле "Айчүрөк", "Чолпон", эски репертуар менен келе жатат. 1941-жылы 7-ноябрда "Анар" деген кыргыздын алгачкы балети, 1942-жылы 6-октябрда "Көл боюнда" деген опера коюлган. 1943-жылы "Көкүл" операсы, 1944-жылы "Чолпон" деген балет коюлган. Мындайча айтканда, согуш жылдары жылына бирден премьера болуп турган. Мындан тышкары, дүйнөлүк классикалык чыгармалар кыргызчаланып, тартууланган. Согуш бүткөндөн кийин учурдагы опера жана балет театры үчүн "Токтогул", "Манас" жазылган. Азыр тынчтык заманда жашап жатабыз. Бирок искусствого, адабиятка каражат бөлүнбөй келет", — деди Чокиев.

Ошондой эле ал искусство, адабият аркылуу идеологияны калыбына келтирүүгө боло турганын кошумчалады.

20
Белгилер:
композитор, идеология, искусство, Турдубек Чокиев
Тема боюнча
Оркестр коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды
Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин тең төрагасы Абдуталип Султанов

Султанов: 2025-жылга чейин ЕАЭБде бирдиктүү капитал рыногун түзүү зарыл

39
Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин тең төрагасы Абдуталип Султанов аталган фонддун эл аралык ишмердиги тууралуу айтып берди.

Өлкөгө инвестиция тартуу жеңил болушу үчүн 2025-жылга чейин ЕАЭБде бирдиктүү капитал рыногун түзүү зарыл. Бул тууралуу Абдуталип Султанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Султанов: 2025-жылга чейин ЕАЭБде бирдиктүү капитал рыногун түзүү зарыл

Анын айтымында, тийиштүү чечим мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган.

"Кыргыз фондулук биржасы брокерлерди эл аралык рынокто иш алып барууга үйрөтүүдө. Себеби Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Бирдиктүү капитал рыногун түзүү чечими буга чейин президенттер тарабынан кабыл алынган. Аны ишке ашыруу 2025-жылга чейин жыйынтыкталуусу кажет. Эгерде буга жетише алсак, өлкөгө инвестиция тартуу кыйла жеңилдейт. Учурда кыргыз фондулук биржасынын абалы жаман эмес. Анткени биржалар союзуна киребиз. Көпчүлүк биржалар менен түздөн-түз карым-катнаш, келишимдер бар. Ошолордун көмөгү менен өлкөгө инвестиция тартууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Маселен, Стамбул, Казакстан фондулук биржасы бизде акционер болуп эсептелет. Алардын тажрыйбасын алып, өнүгүүгө аракеттер көрүлүүдө. Бирок бул багытта айрым көйгөйлөр бар. Андыктан кыргыз фондулук биржасын эл аралык стандарттарга тууралоо зарыл. Анткени биздин рынок башкаларга салыштырмалуу өзгөчөрөөк. Алсак, бизде мамлекеттик, корпоративдик облигациялар өзүнчө болуп, бири-бири менен байланыш жок. Ошону бириктирүү аракеттери көрүлүүдө. Анүчүн биржалык фонд капиталынын 33 пайызын өкмөт сатып алуу боюнча токтомун чыгарган. Тилекке каршы, бул токтом жарым-жартылай гана аткарылды. Ошондуктан ал токтомду ишке ашырууну тездетүү зарыл. Себеби кыргыз фондулук биржасынын мүмкүнчүлүктөрү дагы да кеңейет. Мындан тышкары, мамлекеттик жана корпоративдик облигациялар рыногун бириктирүүгө шарт түзүлөт", — деди Султанов.

Ошондой эле ал өз кезегинде фондулук биржанын институттары 800-900 миллион сомдун тегерегиндеги жеке капиталдын негизинде түзүлгөнүн кошумчалады.

Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:

39
Белгилер:
Абдуталип Султанов, Евразиялык экономикалык биримдик, экономика, биржа
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Чүйдө кыргыз-түрк өнөр жай аймагын ачуу пландалып жатат
Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы менен жолугушту

Балдар үйүндө көз жумган өспүрүм боюнча иш Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө

0
(жаңыланган 22:20 21.06.2021)
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан.

  • Уполномоченная по правам ребенка Жыпариса Рысбекова встретилась с Богданом Якуниным — братом погибшего воспитанника Военно-Антоновского детского дома Игоря Якунина. 21 июня 2021 года
    Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Уполномоченная по правам ребенка Жыпариса Рысбекова встретилась с Богданом Якуниным — братом погибшего воспитанника Военно-Антоновского детского дома Игоря Якунина. 21 июня 2021 года
    Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди

Эске салсак, балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон.

Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген ой болуп жаткандыгын айткан.

Жолугушууда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөөлөрүн уккан.

Рысбекова Богдан Якунинди учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендирген. Ал Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралат деген.

0
Белгилер:
Игорь Якунин, Жыпариса Рысбекова, кайрылуу, өлүм, балдар үйү, Кыргызстан
Тема боюнча
Буга чейин далай качкан. Чүйдө 15 жаштагы бала кайрадан изделүүдө. Сүрөт
Жалал-Абадда жоголгон 13 жаштагы бала табылды