Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кокочаров: эми мамкызматкерлер 4% менен 25 жылга ипотека ала алышат

© Sputnik / Асель СыдыковаЗампредседателя Государственной ипотечной компании Урматбек Кокочаров
Зампредседателя Государственной ипотечной компании Урматбек Кокочаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урматбек Кокочаров аталган мекеме "Менин үйүм — 2021-2026" программасынын алкагында төрт пайыздан 25 жылга ипотекалык насыя берүү долбоорун иштеп чыккандыгын айтты.
"Менин үйүм — 2021-2026" долбоору мамлекет башчы тарабынан колдоо тапкан, эми өкмөттүн тиешелүү буйругу менен бекитилген соң ишке ашат. Мындай маалыматты Урматбек Кокочаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Кокочаров: эми мамкызматкерлер 4% менен 25 жылга ипотека ала алышат
Анын айтымында, калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания дагы башка долбоорлорду иштеп чыгууда.
"Буга чейин "Арзан турак жай — 2015-2020" программасы иштеп, анда каражат 6-8 пайыз менен берилчү. Эми мамлекеттик ипотекалык компания "Менин үйүм — 2021-2026" программасынын алкагында төрт пайыздан 25 жылга ипотекалык насыя берүү долбоорун иштеп чыкты. Мында баштапкы төлөм шарттуу түрдө талап кылынбайт, бирок эгер кардар кааласа, өз ыңгайына карап алгачкы төлөмдү бере берсе болот. Мындай учурда насыянын убактысы кыскарышы мүмкүн. Пайыздык көрсөткүчтүн төмөндөшүнүн негизги себеби анын төлөө мөөнөтүнүн узаргандыгында. Долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү компания өзү курган турак жайларды гана сунуштайт. Анда алты жыл ичинде 800 миң чарчы метр турак жай курулушу каралууда", — деди Кокочаров.
Ошондой эле аткаминер аталган долбоордо банктардын жана МИКтин комиссиясы кошулбай түз каржылоо аркылуу ишке ашарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0