Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кубатаев: павлония дарагынан япондор кыздын себин жасашкан

© Sputnik / Табылды КадырбековПавлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев аталган дарак өлкөдө 2011-жылдан баштап жайылтыла баштаганын белгиледи.
Павлония кытайларда "ажыдаар дарагы" деп аталса, Японияда андан кыздын себин жасашкан. Бул тууралуу Эрмек Кубатаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, павлония дарагы тез өсөт, өрткө туруктуу, анан абдан жеңил болот.
Кубатаев: павлония дарагынан япондор кыздын себин жасашкан
"2011-жылы павлония тууралуу маалымат алып калдым. Ошондон баштап ага кызыгуум күч алды. Көптөгөн мамлекеттик органдарга кайрылып, өстүрүүнү сунуштадым. Көбүнчө каражаттын жетишсиздиги, анан бюрократия бул аракеттин тез жүрүүсүнө тоскоолдук жаратты. Жеке ишкерлер менен иштешип, алардан заказ түшө баштады. Ысык-Көлдө жана Токтогулда чакан плантацияларда өстүрүп жүрдүк. 2018-жылы ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көчмөндөр оюндарынан келе жатып, плантацияны көрүп таң калып, кызыгып калган. Кийин губернаторлорго павлонияны көбөйтүү боюнча тапшырма дагы берген. Ошондон баштап бул дарак тез көбөйүп, бардык социалдык имараттардын алдына отургузулууда. Өзүнүн сапаттарынан улам ал элде "кут дарак" деп аталып калды. Негизи павлониянын мекени Түштүк Азия мамлекеттери болуп саналат. Кытайлар аны "ажыдаар дарагы" деп баркташса, япондо "кири" дешет. Ал тургай Японияда ага арналган музей дагы бар. Себеби павлония алардын тарыхында кеңири колдонулуп, өз орду бар. Кыздын себине эмерек жасашкан деген маалыматтар бар", — деди Кубатаев.
Ошондой эле ал павлония тез өсүп, өрткө туруктуу болгондуктан курулушка эле эмес, эмерек жасоого да ылайыктуу болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0