Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдыкеев: мигранттын өмүрүн камсыздандыруу мыйзам долбоору чийки болууда

© Sputnik / Асель СыдыковаЖеке менчик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдыкеев
Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдыкеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдыкеев адамдардын арасында жаракат алгандан кийин камсыздандыруу полисин онлайн ала койгондор же кырсыктын убактысын жылдыра салган учурлар болуп кетерин эскертти.
Азыркы учурда жеке компаниялар чет мамлекетке чыгып жаткан адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын ыктыярдуу түрдө камсыздандырат. Буга каза болгон адамдын сөөгүн алып келүү да кирет. Адам ар кандай топтогу майып болуп калган учурда каражат төлөнсө, ал эми колу-буту сынган учурда акча берилбейт. Бул тууралуу Эрнис Абдыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдыкеев: мигранттын өмүрүн камсыздандыруу мыйзам долбоору чийки болууда
Анын айтымында, жеке камсыздандыруу компаниялары бир жаштагы наристеден баштап бардык жарандардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырат.
"Чет өлкөгө кетип жаткан жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу боюнча маселе мындан он жыл мурун эле көтөрүлгөн болчу. Россия мигранттардан камсыздандыруу полисин милдеттүү түрдө сурай баштаган эле. Ал жактын компаниялары биздин өлкөдө агенттиктерин ачууну да көздөшкөн. Бирок жергиликтүү камсыздандыруу компанияларын кубаттоо мыйзамына ылайык, сырттан келген компаниялар иштей алышпайт. Биздин компаниялар алар менен кызматташып камсыздандыруу полисин сата баштаган. Бирок жарандар Россиядан арзан полис алышкандыктан бул иш токтоп калган. Азыр сунушталып жаткан "Чет өлкөгө кетип жаткан жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун" абдан жакшы программа деп айтар элем. Анткен менен мыйзамда өзгөртчү, карап чыгуучу жерлер бар. Мисалы, ден соолугуна зыян келген учурда кандай шарттарда жана канча өлчөмдө каражат төлөнүшү керектигин тактоо зарыл. Алсак, адамдын чыпалагы сынып калган менен жоон санынын сынып калганы эки башка чыгым. Андыктан төлөмдөрдүн таблицасы иштелип чыгышы керек. Бөөдө кырсык эмнеден улам келип чыгып жатат, балким адамдын өнөкөт оорусу бардыр, мында кандай чара көрүлө турганын азыр так көрсөтпөсөк кийин чыр чыгышы мүмкүн", — деди Абдыкеев.
Адис мигранттар камсыздандыруу каражатын алыш үчүн барган өлкөлөрүндө мыйзамдуу түрдө иштеши керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0