Генерал-майор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков

Медетбеков: учурда Борбор Азияда абал кооптуу

147
(жаңыланган 14:18 28.05.2021)
Генерал-майор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков чек ара маселелерин чечүүнү биринчи кезекте колго алуу зарылдыгын белгиледи.

Борбор Азияда чыккан чыр-чатактарды террордук-экстремисттик топтор өз пайдасына колдонуп кетиши ыктымал. Мындай пикирин Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Медетбеков: учурда Борбор Азияда абал кооптуу

Анын айтымында, ар кандай коркунучтардан коргонуу үчүн чек ара заставаларын бекемдөө зарыл.

"Чек арачыларга көмөктөшкөн өкүлдөргө курал берүү демилгеси дыкат иштелип чыгып, алар атайын даярдыктан өтүүсү үчүн шарт түзүлүшү зарыл. Чек арачыларга көмөктөшкөн өкүлдөргө колдоруна курал берилбейт. Жакынкы чек ара заставада же укук коргоо органдарынын атайын курал сактай турган жайында болот. Эгерде кандайдыр бир террордук коркунуч же башка өлкө тарабынан агрессия жаралса, тизме аркылуу жергиликтүү калктын белгилүү адамдарына курал таратылып, өлкөнү коргоого мүмкүндүк берилет. Ошол эле учурда мамлекеттин коопсуздугу, жалпы эле аскердик тартип боюнча окутуу-машыгуулар өткөрүлүшү шарт. Эң негизгиси, алар аскер кызматкерлерине баш ийиши керек. Анткени бул өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кынтыксыз аткарыла турган талап. Учурда Борбор Азияда абал кооптуу. Себеби АКШ өз базасын Афганистандан чыгарып кетүүдө, ошол эле учурда ал өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясында террордук-экстремисттик топтор бар. Алардын көпчүлүгү Фергана өрөөнүнөн чыгып, экинчи мууну курал кармап көнүп калды. Ошол аймакка өзүнчө халифат курабыз деген максаты бар. Мындан тышкары, миңге чукул жараныбыз Жакынкы Чыгыштагы согуштарга катышты. Алардын көпчүлүгү ошол жакта калып калышты. Бул жакта террордук-экстремисттик топтордун уктап жаткан ячейкалары менен байланышы жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошолор чек арада жаңжал чыкканда же кандайдыр бир коркунуч жаралганда убакыттан пайдаланууга аракет кылышы ыктымал. Ошондуктан бул маселеге өтө кылдаттык менен укуктун негизинде иш алып баруу зарыл", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал чек ара аймагындагы инфраструктураны жана заставаларды жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан чек арада жашаган тургундарга курал-жарак берүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду. Анда чек арачыларга көмөктөшкөн өкүлдөргө ок атуучу курал колдонуу укугун берүү сунушталууда.

147
Белгилер:
коопсуздук, Борбордук Азия, чек ара, Артур Медетбеков
Тема боюнча
Төрт банк чек арада жабыркаган тургундардын насыясын кечип, акчалай жардам берди
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов. Архив

Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө

32
(жаңыланган 12:37 13.06.2021)
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов орто мектепти бүтүргөн окуучулардын 10-15 пайызы чет жакка иштөөгө аттанарын айтты.

Ата-энелердин көпчүлүгү эле балдарынын жогорку билим алуусуна умтулат. Эгер юрист же экономист тууганы болсо, өз перзентин да ошол кесипти аркалоого үндөшөт. Ошол эле учурда баланын кызыгуусун көп деле эске ала беришпейт. Бул тууралуу Бектур Ибрагимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ибрагимов: бүтүрүүчүлөрдүн 10-15%ы дароо эмгек миграциясына кетүүдө

Анын айтымында, эмгек миграциясына чыгардан мурда кесиптик окууларды бүтүрүп алуу маданиятын жайылтуу зарыл.

"Өлкөдө соңку жылдары кесиптик билим берүү бир аз колго алына баштады. Ошого карабай балдарынын жогорку билим алуусуна тырышкан ата-энелер көп. Алар бүтүрүүчүнүн ой-кыялдарына көп учурда көңүл деле бурушпайт. Жыйынтыгында бала окууну аягына чыгарбай таштап коет же башка факультеттерге которулуп кетет. Ошондуктан башынан эле бала менен сүйлөшүп, тескерисинче, аны кайсы бир кесиптин ээси болуп алууга үндөө керек. Өзгөчө азыр көп талап кылынган фермер, тигүүчү, ширетүүчү, крановщик, ашпозчу, куруучу жана башка ушул сыяктуу. Бул кесиптер чет мамлекетке чыкса да жумуш таап кетишине көмөкчү боло алат. Андан кийин эгер баланын каалоосу болсо, жогорку билим алса болот", — деди Ибрагимов.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

32
Белгилер:
Бектур Ибрагимов, кеңеш, тандоо, кесип, бүтүрүүчү
Тема боюнча
Мурзаев: адам максатты туура кое билсе өнүгөт
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив

Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду

32
(жаңыланган 12:31 13.06.2021)
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров Кыргызстандан балык эң көп көлөмдө ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатыларын айтты.

Кыргызстандын климаты балык өндүрүүгө абдан ыңгайлуу келгендиктен бул багытта соңку жылдары жакшы өзгөрүүлөр бар. Атап айтсак, акыркы 17 жылдын ичинде эле өндүрүштүн көлөмү 50 тоннандан 5 140 тоннага жетти. Башкача айтканда, 100 пайыздан көбүрөк өлчөмгө өстү. Бул тууралуу Маил Алиаскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду

Анын айтымында, өлкөдө көбүнесе кубулма (радужная форель — ред.) форель балыктары өстүрүлөт.

"2020-жылы Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 3 158 тонна балык экспорттоду. Басымдуу бөлүгү Россия жана Казакстанга кетти. Ошондой эле 400 килограммды Араб Эмирлигине жибердик. Бизде көбүнесе кубулма балыгы өстүрүлгөндүктөн, алардын ар бир даанасынын наркы 300 сомдон кем болбойт. Ошондуктан былтыр жалпы суммасы 11 миллион 278 миң 571 долларга балык саттык. ЕАЭБ өлкөлөрүнө мындан да көп көлөмдө экспорттоого мүмкүнчүлүк бар", — деди Алиаскаров.

Ал Литвага да көп эмес көлөмдө Кыргызстандан балык чыгарылып турарын кошумчалады.

32
Белгилер:
экспорт, Евразиялык экономикалык биримдик, балык, Маил Алиаскаров
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Алиаскаров: Кыргызстан балык өстүрүүгө ыңгайлуу өлкө
Ала-Тоо аянты. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
14-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас облусунда +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +28...+33, Ысык-Көл аймагында +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаада +27...+29, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Ата шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Июндун аягында кыргызстандыктар жылдыз жааган түнгө күбө болот