Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рыскулбекова: той-ашка чектөө киргизерде тейлөөчүлөрдү эске алуу зарыл

© Sputnik / Жоомарт УраимовБрифинг о текущей эпидситуации в Бишкеке
Брифинг о текущей эпидситуации в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова той-ашты өткөрүү мыйзам долбооруна адам санына чектөө киргизүүдө айрым маселелер эске алынбай жатканын айтты.
"Үлпөт той, маараке-салтанаттарын, сөөк көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда келчү коноктордун гана саны айтылып, тейлөөчү персонал унутта калууда. Мындай пикирин Айнагүл Рыскулбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Рыскулбекова: той-ашка чектөө киргизерде тейлөөчүлөрдү эске алуу зарыл
Анын айтымында, той-ашты чектөөнү өзгөчө пандемия учурунда колго алуу зарыл.
"Той-ашты өткөрүү боюнча атайын мыйзам кабыл алынышы туура кадам деп ойлойм. Ага кетүүчү чыгым, союлуучу мал жандыктары, өткөрүлүүчү убакыт, сааты, келчү коноктордун санынын так, даана көрсөтүлүшү жакшы. Бирок биз бир маанилүү жагдайды эске албай жатабыз. Мисалы, кафе, ресторандарда 200дөн ашык эмес конок чакырып той өткөрүү деп жатабыз, бирок аларды тейлеген персонал, шаан-шөкөт уюштургандар, жардамчылар, айдоочулар деп отуруп, айтор, жалпы катышуучулардын саны көбөйүп кетүүдө. Бул өз кезегинде мыйзамдын ишке ашышына тоскоолдук жарата турган маселе. Андыктан мыйзам долбооруна мына ушул жагдайды да так, ачык көрсөтүп киргизүү зарыл", — деди Рыскулбекова.
Ал ошондой эле мыйзам долбоору шаар менен айылдарда бирдей тартипте иштеп кетпеши мүмкүндүгүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов "Үлпөт той, маараке-салтанаттарын, сөөк көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал учурда коомдук талкууга коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0