Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева

Донбаева: оранжереянын ремонтунан соң экскурсияга келгендер көбөйдү

39
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева бакчага атайын экскурсиялар уюштурулуп турарын маалымдады.

Ботаникалык бакчада экскурсия кылгандар планетанын бардык өсүмдүктөрүн көрө алышат. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Донбаева: оранжереянын ремонтунан соң экскурсияга келгендер көбөйдү

Анын айтымында, экскурсияга баруу үчүн ботаникалык бакчанын сайты аркылуу катталууга мүмкүндүк бар.

"Ботаникалык бакчанын оранжереясы жана дендрарий коругуна жыл бою экскурсиялар уюштурулат. Каалоочулар http://www.botanica.kg/ сайты аркылуу жазылууга мүмкүнчүлүк бар. Экскурсия тобу беш адамдан көп болушу зарыл. Себеби аларды бирден экскурсовод коштоп, бардык өсүмдүктөр тууралуу кеңири маалымат берет. Социалдык мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана балдарга кирүү акысыз. Студент жана окуучулар 25 сомдон, ал эми чоңдор 50 сомдон төлөшөт. 2018-жылдан бери оранжереяда ар кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет. Натыйжада бакчага келгендердин саны 20-30 пайызга өскөн. Ушул жылдын 24-майынан тарта оранжерея ремонт иштерине бир айга жабылды. Ал эми дендрарийдеги экскурсиялар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жакындан бери туристтик компаниялар биз менен байланышып, чет элдик туристтерди дагы алып келип туруу макулдашылды. Чет элдиктерден сырткары республика боюнча жарандар келип, өлкөдө кездешпеген өсүмдүктөрдү, алардын гүлдөгөнүн көрүп кетишүүдө. Экскурсиянын жалпы убактысы 50-60 мүнөттүн тегерегинде болот. Жакында экскурсоводдорго атайын микрофон, ал эми меймандарга кичинекей кулакчын берүү боюнча долбоордун үстүндө иштөөдөбүз. Бул артта калып кеткендер экскурсоводду тынымсыз угууга мүмкүндүк берет", — деди Донбаева.

Ошондой эле ал ботаникалык бакчага сейилдөөгө мүмкүндүк бар экенин айтып, бирок, тилекке каршы, ар кандай тартипсиздик да болуп жатканын кошумчалады.

39
Белгилер:
өсүмдүктөр, дарактар, бактар
Тема боюнча
Донбаева: Ботаникалык бактын ирригациялык системасы жаңыртылган эмес
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева

Жаанбаева: жалгыз бой ата же энелер да фостердик үй-бүлө боло алат

10
(жаңыланган 11:23 24.06.2021)
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева 2021-жылдан баштап балдар 18 жашка чейин фостердик үй-бүлөлөрдө кала аларын айтты.

Фостердик үй-бүлөлөргө коюлган талаптар жогору. Алардын психологиялык абалы, кирешеси, бардыгы текшерилет. Эң маанилүүсү, мурда соттолбогон, укук коргоо органдары менен көйгөйү жок ата-эне болуусу зарыл. Бул тууралуу Гүлбара Жаанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жаанбаева: жалгыз бой ата же энелер да фостердик үй-бүлө боло алат

Анын айтымында, фостердик үй-бүлө сөзсүз түрдө аялы, күйөөсүнөн турушу керек деген талап жок. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, жалгыз бой эне же аталар да бул укуктан колдоно алышат.

"Баланын фостердик үй-бүлөдө тарбияланышы, албетте, биринчи кезекте өзү үчүн пайдалуу. Ал үй-бүлө мүчөлөрүндөй болуп эле чарбалык иштерге аралашып, ата, эне, тууган-уругу бар чөйрөдө өсөт. Адамдык мамиле, боорукердик, күнүмдүк турмуштук иштерди үйрөнөт. Бирок балдар үйүнүн тарбиялануучуларын алып эле каалаган адам фостердик ата-эне боло албайт. Анткени балдар үйлөрүндө өзүнүн ата-энеси турмуштук оор кырдаалга туш болгон же убактылуу балага болгон укугунан ажыратылган тарбиялануучулар да бар. Мындай балдарды башка үй-бүлөгө убактылуу жашоого берип жатканда кийин өз ата-энесине кайтарып берүүсү, аларды жамандабай балага туура түшүндүрүү сыяктуу атайын окуулардан өткөрөбүз. Башкача айтканда, балдарды фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырып эле тим болбостон, аларды өз ата-энеси менен келечекте бириктирүүгө аракет кылабыз. Мурдагы мыйзамдар боюнча, балдар 16 жашка чейин гана фостертик үй-бүлөгө кабыл алынса, ушул жылдан тарта 18 жашка дейре узартылды", — деди Жаанбаева.

Ал ошондой эле фостердик үй-бүлөдө өз балдарын кошкондо бир учурда бештен ашык бала болбошу керектигин кошумчалады.

10
Белгилер:
фостердик үй-бүлө, укук, бала
Тема боюнча
Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат. Артыкчылыгы эмнеде
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

56
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев аталган мекеменин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады.

ӨКМдин материалдык-техникалык базасы эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөн. Аны жакшыртуу боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Алсак, куткаруу иштери үчүн Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Бул тууралуу Ырыспек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

Анын айтымында, учурда куткаруу иштери үчүн бир дагы тик учак жок.

"Өзгөчө кырдаалдардын саны күн санап өскөнүнөн улам ӨКМдин материалдык-техникалык базасындагы кемчиликтери билинүүдө. Техника эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөнү эч кимге жашыруун эмес. Учурда материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Алсак, 85 бирдик атайын инженердик оор техника кабыл алынды. Ошондой эле куткаруу иштерин жүргүзүү, куткаруучуларды жерине ыкчам жеткирүү үчүн ӨКМдин карамагында бир дагы тик учак жок. Бул маселени чечүү максатында Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Ошондой эле ӨКМге караштуу авиациялык ишкана бар. Анын ишин кайрадан карап чыгып, донорлор аркылуу учак сатып алуу аракеттери көрүлүүдө", — деди Жолдошбаев.

Ал келечекте ӨКМге 80 өрт өчүрүүчү техниканын келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

56
Белгилер:
куткаруу, ӨКМ, учак
Тема боюнча
Ысык-Көлдөн кайсы шаарларга учуп кетсе болот? Тизме жана график
COVID 19 үлгүлөрү менен иштеген лаборант. Архив

Өткөн суткада 822 кишиден коронавирус аныкталып, беш адам көз жумду

18
(жаңыланган 11:41 24.06.2021)
Азыркы тапта ооруканада дарыланып жаткандардын ичинен 100 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды. Бир суткада эле 21 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 822 кишиден коронавирус аныкталып, 475 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 300;
  • Ош – 70;
  • Чүй облусу – 207;
  • Ош облусу – 93;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 80;
  • Баткен облусу – 42.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 118 106га жетти. Анын ичинен 106 858 киши дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек – 183;
  • Ош шаары – 118;
  • Чүй облусу – 54;
  • Ош облусу – 70;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 16.

Тилекке каршы, өткөн суткада дарт беш адамдын өмүрүн алды:

  • Бишкек – 3;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош шаары – 1.

Жалпысынан оорудан 1 958 адам каза тапты.

Азыркы тапта стационарда 2 604 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 801 бейтап оор абалда болсо, 100 адамдын абалы өтө оор деп бааланды. Бир сутка ичинде 21 медиктен коронавирус табылганы кошумчаланды.

18
Белгилер:
стационар, бейтап, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес
Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат