Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усупканов: аскер дарыгерлеринин саны абдан аз болуп жатат

© Sputnik / Асель СыдыковаМедицина кызматынын запастагы полковниги Шайлообек Усупканов
Медицина кызматынын запастагы полковниги Шайлообек Усупканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Медицина кызматынын запастагы полковниги Шайлообек Усупканов мамлекет тарабынан аскер медицинасына көңүл бурулуп, анын маанилүүлүгүнө баа берилиши керектигин айтты.
Чет өлкөдөн аскердик-медициналык окуу жайлардан окуп келген жоокерлердин билими пайдаланылбай, шарт түзүлбөй жатат. Мындай пикирин Шайлообек Усупканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Усупканов: аскер дарыгерлеринин саны абдан аз болуп жатат
Анын айтымында, тоолуу шартта кызмат өтөгөн жоокерлердин ден соолугун караган аскер дарыгерлерин талапка жооп берген медициналык шаймандар менен камсыз кылуу абзел.
"Аскер медицинасы өзгөчө орунда турган тармак. Кадр маселеси боюнча бул жаатта чоң көйгөйлөр бар. Кыргызстан эгемендүүлүктү алып, армиясы түптөлгөндөн бери Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Киров атындагы аскердик-медициналык академиясында жогорку билим алуу үчүн жыл сайын квота берилет. Бирок окуп келген бүтүрүүчү биздин өлкөдө шарттын жоктугуна байланыштуу адистиги боюнча ишти аркалабайт. Алардын көбү жарандык медицинага кетип жеке клиникаларда иштешет. Андыктан мамлекет аскер медицинасына абдан чоң көңүл бурушу керек. Тоолуу шартта кызмат өтөгөн жоокерлердин ден соолугун караган аскер дарыгерлерин талапка жооп берген медициналык шаймандар менен камсыз кылуу абзел", — деди Усупканов.
Ошондой эле ал жаш адистерди колдоп, айлыгын көтөрүп берсе жылыш болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0