KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов

Кулумбетов: электр энергиясын ЕАЭБдин рыногунда сатууну ойлонуу керек

24
(жаңыланган 12:40 31.05.2021)
KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов электр энергиясына болгон тарифтик бааны көтөрүү менен аны сатуу жолун да иштеп чыгуу керектигин айтты.

Евразия экономикалык биримдиги рыногунда бирдиктүү бааны түзүп, атаандаштыкка туруштук берүү абзел. Мындай пикирин Жаныбек Кулумбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кулумбетов: электр энергиясын ЕАЭБдин рыногунда сатууну ойлонуу керек

Анын айтымында, энергетикалык компаниялар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, чыгымдарды азайтуу жолу менен тарифти жогорулатпоого шарт түзүшсө болот.

"Бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы тариф маселеси көпчүлүктү ойлонтуп келет. Энергетикалык компаниялар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, чыгымдарды азайтуу жолу менен тарифти жогорулатпоого шарт түзсө болот. Эгер тарифтик баа көтөрүлсө, экономикалык абалга өзгөчө көңүл буруу кажет. Себеби эл аралык уюмдар пандемиядан кийин жакырчылык 30 пайызга чейин күчөп кетиши мүмкүндүгүн айтып жатышат. Аны эске ала турган болсок, тариф маселесин өтө кылдаттык менен караш керек. Бирок бааны көтөрбөй коюу да абалды жеңилдетпейт. Анткени Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы рыногуна кошулуп жаткандан кийин бул жакта электр энергиясын сатуу жолдорун да иштеп чыгышыбыз керек", — деди Кулумбетов.

Ошондой эле адис чакан ГЭСтерди куруу аркылуу бир топ маселени чечсе болорун кошумчалады.

24
Белгилер:
ГЭС, энергетика, электр энергиясы, Жаныбек Кулумбетов
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (273)
Тема боюнча
Астапаев: электр энергия өндүргөн сүзүп жүрүүчү станциялар курулат
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев

Арзыбаев: ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүшү керек

28
(жаңыланган 14:42 17.06.2021)
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев Евразия экономикалык биримдигинде азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүшү керектигин айтты.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында азык-түлүк коопсуздугу жаатында өзгөчө чоң роль жарата турган бөлүм каралган эмес. Мындай маалыматты Бексултан Арзыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арзыбаев: ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүшү керек

Анын айтымында, ушу тапта азык-түлүк менен өлкөнү толук камсыз кылуу негизги максат катары каралууда.

"Тилекке каршы, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында азык-түлүк коопсуздугу жаатында өзгөчө чоң роль жарата турган бөлүм каралган эмес. Мисалы, ЕАЭБде тооктун эти аз өндүрүлсө атайын комиссия чогулуп, бул аймакта жетпеген продукцияны сырттан алып келип, кошумча салыктардан бошотуп, жеңилдиктерди түзсө болот. Бирок ЕАЭБдин алкагында өзүнчө бюджет көрсөтүлүп, ишке ашыруу каралган эмес. Коронавирус пандемиясына байланыштуу азык-түлүк тартыштыгы пайда болду. Ага карабастан Россия, Казакстан гуманитардык жардамдарын берип турду. Бул маселе пандемия учурунда сабак болду. ЕАЭБ жаңы уюм болгондуктан дагы кошумча өзгөртүүлөр керек. Мындан тышкары, өлкөдө айыл чарба секторунда суу, жайыт тармагынан баштап өсүмдүк өстүрүү, иш кагаздарын электрондук вариантка өткөрүүгө чейин санариптештирүү жүргүзүлүп жатат", — деди Усубалиев.

Ошондой эле адис азык-түлүк коопсуздугу боюнча калкка туура маалымат жеткирүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, атайын иштер каралып жаткандыгын кошумчалады.

28
Белгилер:
Бексултан Арзыбаев, Евразиялык экономикалык биримдик, санариптешүү, айыл чарба
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (273)
Тема боюнча
Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз
Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин директорунун орун басары Бакыт Конушбаев

Конушбаев: чет жактагы жарандарга паспорт баасын ТИМ бекитет

22
(жаңыланган 14:41 17.06.2021)
Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин директорунун орун басары Бакыт Конушбаев жаңы үлгүдөгү жарандык паспорт эл аралык жарандык авиация уюмунун талаптарына жооп берерин айтты.

Жаңы үлгүдөгү жарандык паспорттордо 30дан ашуун коргоочу элемент бар. Алар көзгө көрүнүп, колго байкалганы, көзгө көрүнбөгөнү жана катылган коргоочу элементтер болуп үчкө бөлүнөт. Бул тууралуу Бакыт Конушбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Конушбаев: чет жактагы жарандарга паспорт баасын ТИМ бекитет

Анын айтымында, учурда 70 000ден ашуун жаран жаңы үлгүдөгү жарандык паспорт алууга документ тапшырган.

"Жалпы жарандык паспортту ушул жылдын 3-майынан тарта бере баштадык. Жаңы документ эл аралык талаптардын баарына жооп берет. Өлкө ичинде алууну каалагандар 18 жумушчу күнүндө ээ боло алышат. 34 барактуу паспорттун наркы 885 сом, 50 барактуусунуку 945 сом. Экинчиси чек арадан көп кирип-чыккан соодагерлерге, жүк ташуучу унаанын айдоочуларына керектелет. Жалпы жарандык паспортту эмгек миграциясында жүргөн жарандарыбыз да ошол жактагы элчиликтерге кайрылып ала алышат. Мисалы, Москва шаарындагы кыргызстандыктарга документ тапшырган күндөн тарта бир айга чейинки аралыкта колго тиет. Ал эми Европа жана башка мамлекеттердеги жарандарыбызга жеткирүү маселесинен улам ар кандай убакыт талап кылынып калынышы мүмкүн. Ошондой эле баасы да өлкө ичинде алгандан бир аз айырмаланат. Анткени башка мамлекетте жүргөн жарандарга паспорт баасын Тышкы иштер министрлиги бекитет. Бирок наркында өтө чоң деле айырма болбойт", — деди Конушбаев.

Ал эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортунун жарактуу мөөнөтү бүтө электерди жаңы документ алууга ашыкпай эле коюуга чакырды.

22
Белгилер:
Бакыт Конушбаев, миграция, чет өлкө, эреже, паспорт
Тема боюнча
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жалпы жарандык паспортту элчиликтен ала алат
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

0
(жаңыланган 22:38 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүн" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө жок болгон

0
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу