Este.kg долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Майсалбек Курбаналиев

Курбаналиев: эстеликтерге QR-код орнотуу пландалууда

84
(жаңыланган 13:17 31.05.2021)
Este.kg долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Майсалбек Курбаналиев өлкө ичинде жайгашкан эстеликтерге QR-код орнотуу аракети көрүлүп жатканын маалымдады.

Эстеликтер тууралуу маалыматтарды смартфондон окуп ала тургандай мүмкүндүк түзүлөт. Бул тууралуу Майсалбек Курбаналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Курбаналиев: эстеликтерге QR-код орнотуу пландалууда

Анын айтымында, бул демилгени тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге ишке ашыруу мерчемделүүдө.

"Өлкөдөгү эстеликтерге, айкелдерге жана тарыхый имараттарга QR-код орнотуу каралып жатат. Борбор калаада эстеликтер көп. Бирок алар кимге кайсы кызматы үчүн тургузулганын көпчүлүк билбейт. 2018-жылы Казакстанда иштеп жүргөнүмдө QR-код орнотуу жүрүп жаткан. Кийин кайтып келгенде ошол идеяны жакын санаалаштарга айтып, бул багытта иш баштадык. 2020-жылы Айбек Кыштобаев менен долбоорду ишке ашырууну пландадык. Тиешелүү мамлекеттик органдарга сунушталды. Учурда бардык адамдарда смартфон бар. Ал аркылуу эстелик, айкел же тарыхый имаратка орнотулган кодду сканерлесе, эстелик тууралуу кеңири тексттик маалымат, аудио жана видеофайл чыгат. Эгерде сканерлөөчү шайман жок болсо, коддун алдына атайын шилтеме жазылат. Ошол аркылуу жогоруда айтылган маалыматтарды алууга мүмкүндүк бар. Ал үчүн атайын https://este.kg/ky/ сайты иштелип чыкты. Бул социалдык долбоор болгондуктан эч кандай пайда табуу көздөлгөн жок. Бирок ички жана тышкы туристтер үчүн ыңгалуу жагдайды жарата алат. Сайтка кыргыз, орус, жана англис тилдеринде маалыматтар киргизилет", — деди Курбаналиев.

Ошондой эле ал бул долбоор алгач борбор калаада, андан кийин республика боюнча ишке ашырыла турганын кошумчалады.

84
Белгилер:
Майсалбек Курбаналиев, QR-код, долбоор, турист, эстелик
Тема боюнча
Манастын эстелигин жасоого сынак жарыяланды. Ал Нур-Султанга тургузулат
Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун төрагасы Асхат Сеитбеков

Сеитбеков: өлкө боюнча 1000ден ашуун байкер бар

15
(жаңыланган 13:10 25.06.2021)
Кыргызстандын мотоциклисттер коомунун төрагасы Асхат Сеитбеков Кыргызстанда мотоцикл айдоого кызыккандар көбөйүп, бул тармактын өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатышканын айтты.

Мотоциклисттердин саны өлкө боюнча 1000ден ашат. Алар түрдүү категориялар боюнча мотожүрүштөрдү уюштурушат. Мындай маалыматты Асхат Сеитбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сеитбеков: өлкө боюнча 1000ден ашуун байкер бар

Анын айтымында, буга чейин Бишкекте гана аталган транспортко кызыккандар болсо, эми аймактарда да мотожүрүштөргө чыга башташты.

"Кыргызстандын мотоциклисттер коому 2014-жылы расмий түзүлгөн. Андан бери көп адамдын башын бириктирип, түрдүү иш-чараларды уюштуруп келебиз. Мотоциклисттер арасында тажрыйбасына жараша наамдар ыйгарылат. Мисалы, бир суткада 1000 миль аралыкты басып өткөндө тиешелүү критерийлердин негизинде статус берилет. Кыргызстанда да байкерлер үчүн атайын наамдарды түзгөнбүз. Алсак, "Беш ашуу", "Үч көл", "Жети жер" деген категориялар каралган. 3500 чакырымды үч күндө мотоцикл менен өткөн адамдарга"Беш ашуу" наамы тагылат. Муну менен кооз жерлерди кыдырып, туризмди өнүктүрүү максатын койгонбуз. Чет өлкөдөн келип, биздеги наамдарды алып кетишет. Учурда байкерлердин саны жалпы өлкө боюнча 1000ден ашат. Алар түрдүү категориялар боюнча мотожүрүштөрдү уюштуруп, чогулуп турушат", — деди Сеитбеков.

Ошондой эле байкер Кыргызстандын кооз жерлерин, маданиятын дүйнөгө таанытуу максатында мототуризмге көңүл буруу керектигин кошумчалады.

15
Белгилер:
Асхат Сеитбеков, мотоцикл, байкер
Тема боюнча
Казыбаев: кышында Сочиге барып дрифт боюнча мелдешке катышабыз
Мал чарбачылыгы боюнча адис Бакыт Мамытканов

Мамытканов: силос жасоо менен тоют кризисинен чыгып кете алабыз

43
Мал чарбачылыгы боюнча адис Бакыт Мамытканов быйылкы кургакчылыкка байланыштуу тоют маселесинде кризисти алдын алуу үчүн азыртан кам көрүү зарылдыгын айтты.

Быйыл малга тоют болуучу чөп аз, мындан улам кымбат болууда. Кыш, жаз мезгилдеринде наркы кескин көтөрүлүп, анын кесепетинен этке болгон баа жогорулап кетпесин десек, азыртадан ачытылган тоют камдоого даярданышыбыз керек. Мындай пикирин Бакыт Мамытканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мамытканов: силос жасоо менен тоют кризисинен чыгып кете алабыз

Анын айтмында, силос, синачини жүгөрү, арпадан камдап алса болот.

"Июль, август айларында сугат суу көбөйөт. Советтер Союзу кезиндегидей эле бул учурда биринчи түшүмдү берип, арпа, буудай орулуп кеткен жерлерге жүгөрү же кайра эле арпа сээп коюш керек. Албетте, алар толук бышып жетилбейт, бирок мал үчүн жашыл тоют, силос жасаганга жарайт. Азыр убакыттан утттурбай фермерлер ушуну колго алуусу зарыл. Малга чөптөн башка тоют жок деген түшүнүктөн арылышыбыз керек. Силос да жакшы тоют болуп бере алат. Анын тоюмдуулугу бедеден эки эсе эле аз. Бирок бир гектар беде себилген жерден 5-10 тонна тоют чыкса, жүгөрү айдап силос жасай турган болсок 20 тоннадан, түшүмдүү сортторунан 70 тоннага чейин тоют алсак болот. Бул фермер үчүн арзанга түшкөн, мал үчүн сиңимдүү азык болуп берет", — деди Мамытканов.

Ал силоско ылайыктуу жүгөрү сортун тандоо, аны даярдоо жолдору боюнча кеп-кеңеш алуу үчүн Айыл чарба министрлигине кайрылса болорун кошумчалады.

43
Белгилер:
кризис, чөп, тоют
Тема боюнча
Кыргызстанда кагырап кургаган жерлер көбөйүүдө. РФ окумуштуулары жардам берет
Аттестаты особого образца Алтын тамга для выпускникам школ. 25 июня 2021 года

Бишкектик 99 бүтүрүүчү жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын алды. Сүрөт

0
(жаңыланган 15:08 25.06.2021)
Мектепти жакшы баа менен аяктагандарды шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Мектепти жакшы баа менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды. Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колдору менен жасаган белекти беришкен. Анда шаардын символу болгон илбирстин сүрөтү кийизге түшүрүлгөн.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

0
Белгилер:
"Алтын тамга" аттестаты, тапшыруу, аттестат, бүтүрүүчү, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Министрлик жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллын белгиледи
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме