Балдардын укугун коргоочулардын лигасы коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова

Турдубекова: баласын таштап миграцияга чыгып жаткандар каттоодон өтүшү зарыл

40
(жаңыланган 20:29 01.06.2021)
"Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова "Балдар жөнүндө кодекстин" жаңы редакциясы ишке кирсе 700дөн ашык социалдык кызматкер пайда боло турганын маалымдады.

"Балдар жөнүндө кодекстин" жаңы редакциясында чет өлкөгө иштегени кетип жаткандардын балдары каттоодон өтүп, алар убактылуу жашай турган үй-бүлө менен социалдык кызматкер таанышып чыгышы талап кылынат. Эгерде социалдык кызматкер кандайдыр бир шарт менен ал үй-бүлөнү жаратпай койсо, баланы алып кала турган башка адамдарды кароого туура келет. Бул тууралуу Назгүл Турдубекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Турдубекова: баласын таштап миграцияга чыгып жаткандар каттоодон өтүшү зарыл

Анын айтымында, бул балдардын укугун коргоо үчүн жасалып жаткан аракеттер.

"Кыргызстанда миграцияга кеткен ата-энелер абдан көп. Алар балдарын туугандарына, жакындарына, кошуналарына, айрым учурда атайын мекемелерге таштап коюшууда. Натыйжада алар жеткиликтүү деңгээлде каралбай калып жатат. Ошондуктан "Балдар жөнүндө кодекстин" жаңы редакциясында баласын таштап миграцияга чыгып жаткандар сөзсүз түрдө каттоодон өтүүсү каралууда. Бир дагы бала каттоосуз калтырылбай, укугу корголушу зарыл. Эгерде ата-эне баласын бирөөнүн колуна калтырып жатса, ага социалдык кызматкер баа бериши кажет. Балдар ал үй-бүлөдө калууну каалабаса же тиешелүү күнүмдүк шарттар каралбаса, социалдык кызматкер акт түзүп, өз макулдугун бербей коюуга укуктуу болот. Натыйжада ата-эне башка бүлө табууга милдеттендирилет. Мындай кадамдар алардын жоопкерчилигин күчөтүп, жашы жете электерге көрсөтүлгөн зомбулуктарды кыскартат деп ишенебиз", — деди Турдубекова.

Баласын узак мөөнөткө калтырууга мажбур болгон ата-эне убактылуу кам көргөн тарапка ишеним кат жазып берип же "багып алган" деген статус ыйгарылышы зарыл болорун кошумчалады.

40
Белгилер:
кодекс, миграция, балдар, Назгүл Турдубекова
Тема боюнча
Сексуалдык кордук көргөн балдар. Кыргызстандагы үрөй учурган статистика
Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Талант Калыков

Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет

140
(жаңыланган 12:16 19.06.2021)
Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Талант Калыков үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкөдө тесттик режимде 5G интернети иштей баштаарын айтты.

5G интернетин алгач сынамык иретинде борбор калаага орнотолу деп турабыз. Кайсы жерде болору азырынча белгисиз, соода түйүндөрүнүн бирине жайгашышы мүмкүн. Бул тууралуу Талант Калыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Калыков: Бишкекте жыл соңунда 5G интернети пилоттук негизде кирет

Анын айтмында, 5G интернетинин адам ден соолугуна тийгизген таасири учурда колдонулуп жаткан 4G интернетинен айырмаланбайт.

"5G интернетин Кыргызстанга ушул жылдын аягында алып келүүнү пландаштырып жатабыз. Сынамык иретинде ал борбор калаада гана иштейт. Ал эми жалпы калкка жайылтуу иштери колдонуучулардан көз каранды. Эгер эл талап кылып, ошого ылайыкташкан жабдыктар сатыкка чыгып колдонула баштаса, анда бат эле аймактарга да тарап кетет. Мисалы, 4G интернетин деле уюлдук операторлор 2020-жылы толук кандуу ишке киргизүүнү мерчемдешкен эле. Бирок эл өзү колго алып, талап пайда болгондуктан белгиленген мөөнөтүнөн эрте эле жайылып кетти. 5G тууралуу ар кандай такталбаган маалыматтар калк арасында тарап жүрөт. Анын баары чындыкка дал келбейт. Айтылып жүргөндөй, адам ден соолугуна же экологияга  эч кандай зыяны жок. Болгону интернеттин ылдамдыгы жакшырат", — деди Калыков.

Ошондой эле ал жалпы республика боюнча интернеттин сапатын жогорулатуу иштери да колго алынып жаткандыгын кошумчалады.

140
Белгилер:
Талант Калыков, интернет, 5G, санарип
Тема боюнча
Кыргызстанда жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү башталды
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева

Кененбаева: электрондук айдоочу күбөлүгү жыл соңуна чейин ишке кирет

76
(жаңыланган 14:34 18.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева ушул жылдан тарта 2023-жылга чейин аталган тармактагы иштерди камтыган концепция түзүлгөндүгүн айтты.

2021-2023-жылдар аралыгында өлкө аймагында санариптештирүү багытында жасала турган иш-чараларды камтыган концепция жазылып чыкты. Анын алкагында буга чейин өз алдынча иш алып барып келген беш мамлекеттик орган министрликтин карамагына кирет. Бул тууралуу Асел Кененбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кененбаева: электрондук айдоочу күбөлүгү жыл соңуна чейин ишке кирет

Анын айтымында, концепция боюнча министрлик 2023-жылга чейин санариптештирүү боюнча 33 багытта 130дан ашык иш-чара өткөрүүнү мерчемдөөдө.

"Бүгүнкү күндө биздин электрондук порталыбыз иштеп жатат. Анда жарандар үчүн 100дөн ашуун кызмат көрсөтүлүүдө. Алдыда мындан да көбөйтүп жана сапатын арттыруу максатыбыз бар. Өзгөчө аймактарга интернет жеткирүү, колдонуучулардын кибер коопсуздугун камсыздоо биздин негизги иш пландарыбызга кирет. Ошондой эле жыл аягына чейин электрондук документ колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн тиркемени пилоттук негизде ишке киргизели деп турабыз. Анда айдоочулук күбөлүк жана паспортту колдонсо болот", — деди Кененбаева.

Ал жарандардын санариптик билимин жогорулатуу иштери да концепцияда каралганын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

76
Белгилер:
Асел Кененбаева, документ, аймак, санарип
Тема боюнча
Кыргызстанда жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү башталды

Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео

0
(жаңыланган 01:16 20.06.2021)
Бүгүн спорт ышкыбоздору үчүн чоң майрам болду. Борбор калаада жыл сайын өтүүчү Toyboss Night Run 2021 жарышы өтүп, көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.

Жарыш 5, 10 жана 21,1 чакырымдык үч дистанцияда өттү. Кечки саат 9да башталган иш-чараны эң узак аралыкка чуркоочулар баштап берди. Жаңырган музыка, жолду бойлой суу, банан сунуштап турган уюштуруучулар жөө күлүктөргө дем берип, колдоо көрсөтүп жатышты.

Күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, күн күркүрөп, чагылгандын чартылдашы да катышуучуларга жолтоо боло алган жок.

Милиция кызматкерлери жол кыймылын тескеп турса, жөө күлүктөрдүн саламаттыгына кооптуулук жаралып калса деп тез жардам унаасы да нөөмөттө болду.

Марага келген ар бир катышуучу медаль тагынды.

0
Белгилер:
Бишкек, жөө күлүк, жарыш
Тема боюнча
Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт