Балдар кардиологу, медицина илимдеринин кандидаты Данияр Аматов

Аматов: түйүлдүктүн алгачкы 12 жумасы анын саламаттыгынын өзөгүн түзөт

81
Балдар кардиологу, медицина илимдеринин кандидаты Данияр Аматов дени сак бала төрөлүшү үчүн ата-эне экөө тең өз саламаттыгына олуттуу көңүл бурушу керектигин айтты.

Дүйнө жүзүндө ар кандай оорулар менен төрөлгөн балдардын 12-14 пайызы жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Бул тууралуу Данияр Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аматов: түйүлдүктүн алгачкы 12 жумасы анын саламаттыгынын өзөгүн түзөт

Анын айтымында, кош бойлуу эненин психикалык абалы да ымыркайдын төрөлгөндөн кийин ден соолугунун чың болушуна таасирин тийгизет.

"Дени-карды соо бала төрөлүшү үчүн түйүлдүк пайда болгонго чейин кам көрүү керек. Ата-эне туура тамактанып, тамеки, ичимдик сыяктуу зыяндуу адаттарын токтотуп, туура жашоо образын тандап, андан кийин гана балалуу болгонго камынуу зарыл. Ошондой эле эненин психикалык абалы да түйүлдүктүн ден соолугуна таасирин тийгизет. Мындан сырткары, өнөкөт оорулары барлар алгач дарыгерлер менен кеңешип, дарыланышы керек. Анткени жогоруда айтылган себептердин бардыгы тубаса оорулуу балдардын төрөлүшүн шартташы ыктымал. Соңку учурларда ата-энелер балалуу болор алдында тийиштүү даярдыктан өтпөй коюп жаткандыктан жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайлар көбөйүүдө. Өлкөдө бул илдет менен жарык дүйнөгө келген перзенттердин саны ден соолугунан кемчилик менен төрөлгөн балдардын 12-14 пайызын түзөт", — деди Аматов.

Ал жети атага жеткирбей туугандар үйлөнүп алган учурда да саламаттыгы начар бала төрөлүп калышы ыктымал экенин кошумчалады.

81
Белгилер:
Данияр Аматов, жүрөк, ден соолук, бала
Тема боюнча
Турдубекова: баласын таштап миграцияга чыгып жаткандар каттоодон өтүшү зарыл
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев

Чокиев: убакыттын өтүшү менен залкарлардын заманы кайтып келет

3
(жаңыланган 12:17 24.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев классикалык музыкага болгон муктаждык убактылуу эместигин белгиледи.

Шоу-бизнес күнүмдүк, негизги максаты — элдин көңүлүн тартып каражат чогултуу. Ал эми классикалык музыкалар түбөлүктүү. Мындай пикирин Турдубек Чокиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Чокиев: убакыттын өтүшү менен залкарлардын заманы кайтып келет

Анын айтымында, убакыт өткөн сайын классикалык музыканы угууга зарылчылык жаралышы ыктымал.

"Классика деген сөздүн өзү түбөлүктүү деген маанини берет. Жөнөкөй эле мисал келтирейин. Классикалык костюм-шым, галстук эбактан бери актуалдуулугун жоготпой келе жатат. Музыка дагы ошондой эле. Мода кубалагандар бүгүн жылтырак, эртең ич кийимчен чыгып калышы мүмкүн. Бирок ал утурумдук, жаңы мода менен кайра өзгөрүүлөр болот. Шоу-бизнес деле ошол сыяктуу, түбөлүктүү эмес. Ошондон улам анын негизги максаты — элдин көңүлүн буруп каражат табуу. Ал эми классикалык музыка түбөлүктүү. Белгилей кетчү жагдай, заман ушундай болот экен, залкарлар топ-тобу менен келип, кетишет. Мисалы, Калый Молдобасанов, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар замандаш болушкан. Андан кийин ортодо кандайдыр бир боштук пайда болуп, классикалык чыгармалар экинчи планга түшүп калды. Кийин убакыттын өтүшү менен карлыгачтай болуп залкарлардын заманы кайтып келет. Ошол учурда классикалык чыгармаларды угууга зарылчылык жаралып, ошол нерсе модага айланып калышы ыктымал", — деди Чокиев.

Композитор учурда маалыматтын көптүгүнөн кыска, кичирээк чыгармаларга муктаждык күч болуп калганын белгилеп, ошого ыңгайлашуу зарылдыгын кошумчалады.

3
Белгилер:
мода, шоу-бизнес, музыка, Турдубек Чокиев
Тема боюнча
Интернет жылдызы Атамбаев: мурда ырдап көргөн эмесмин, үнүм кийин ачылды
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева

Жаанбаева: жалгыз бой ата же энелер да фостердик үй-бүлө боло алат

14
(жаңыланган 11:23 24.06.2021)
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева 2021-жылдан баштап балдар 18 жашка чейин фостердик үй-бүлөлөрдө кала аларын айтты.

Фостердик үй-бүлөлөргө коюлган талаптар жогору. Алардын психологиялык абалы, кирешеси, бардыгы текшерилет. Эң маанилүүсү, мурда соттолбогон, укук коргоо органдары менен көйгөйү жок ата-эне болуусу зарыл. Бул тууралуу Гүлбара Жаанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жаанбаева: жалгыз бой ата же энелер да фостердик үй-бүлө боло алат

Анын айтымында, фостердик үй-бүлө сөзсүз түрдө аялы, күйөөсүнөн турушу керек деген талап жок. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, жалгыз бой эне же аталар да бул укуктан колдоно алышат.

"Баланын фостердик үй-бүлөдө тарбияланышы, албетте, биринчи кезекте өзү үчүн пайдалуу. Ал үй-бүлө мүчөлөрүндөй болуп эле чарбалык иштерге аралашып, ата, эне, тууган-уругу бар чөйрөдө өсөт. Адамдык мамиле, боорукердик, күнүмдүк турмуштук иштерди үйрөнөт. Бирок балдар үйүнүн тарбиялануучуларын алып эле каалаган адам фостердик ата-эне боло албайт. Анткени балдар үйлөрүндө өзүнүн ата-энеси турмуштук оор кырдаалга туш болгон же убактылуу балага болгон укугунан ажыратылган тарбиялануучулар да бар. Мындай балдарды башка үй-бүлөгө убактылуу жашоого берип жатканда кийин өз ата-энесине кайтарып берүүсү, аларды жамандабай балага туура түшүндүрүү сыяктуу атайын окуулардан өткөрөбүз. Башкача айтканда, балдарды фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырып эле тим болбостон, аларды өз ата-энеси менен келечекте бириктирүүгө аракет кылабыз. Мурдагы мыйзамдар боюнча, балдар 16 жашка чейин гана фостертик үй-бүлөгө кабыл алынса, ушул жылдан тарта 18 жашка дейре узартылды", — деди Жаанбаева.

Ал ошондой эле фостердик үй-бүлөдө өз балдарын кошкондо бир учурда бештен ашык бала болбошу керектигин кошумчалады.

14
Белгилер:
фостердик үй-бүлө, укук, бала
Тема боюнча
Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат. Артыкчылыгы эмнеде