Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шамырканова: коронавирусту алдын алуунун негизги жолу — бул эмдөөдөн өтүү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мэриясынын медициналык жардам уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова
Бишкек шаардык мэриясынын медициналык жардам уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын медициналык жардам уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова вакцинация COVID-19 вирусун алдын алуунун негизги жолу экендигин айтты.
Эмдөөдөн өткөн адам вирусту жугузуп алган күндө да илдет жеңил түрүндө өтөт. Мындай маалыматты Бакытбүбү Шамырканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шамырканова: коронавирусту алдын алуунун негизги жолу — бул эмдөөдөн өтүү
Анын айтымында, жыл сайын гриппке каршы эмдөө жүргүзүлгөндүктөн курч респиратордук инфекция же сасык тумоого чалдыккан адам аны жеңил өткөрөт.
"Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда жана ден соолукту чыңдоо борборлорунда медицина кызматкерлери тарабынан коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча калкка маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлүүдө. Бардык мекемелерде түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүп, ЖМКлар аркылуу ооруну алдын алуу жолдору тууралуу кабардар кылып жатабыз. Бирок коронавирусту алдын алуунун негизги жолу — бул вакцинация. Себеби анын максаты оорунун жайылып кетпешин шарттоо жана вирусту жугузуп алган күндө да илдетти жеңил түрүндө өткөрүү. Жыл сайын гриппке каршы эмдөө жүргүзүлгөндүктөн курч респиратордук инфекция же сасык тумоого чалдыккан адам аны жеңил өткөрөт. Ошол сыяктуу эле коронавируска каршы вакцина алган адамдар жуктуруп алган күндө да өтө кыйналбайт. Учурда республика боюнча эмдөө иштери акысыз болууда", — деди Шамырканова.
Дарыгер коронавирус ушуну менен таптакыр жоголуп кетпей биз менен дайыма жашай турганын билүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0