Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турдубекова: кодекстин жаңы редакциясында балдар үйлөрүн жабуу каралган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова
Балдардын укугун коргоочулар лигасы коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясы Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөнүн маалымдады.
Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясында балдар үйлөрүн жабуу каралган. Бул тууралуу Назгүл Турдубекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Турдубекова: кодекстин жаңы редакциясында балдар үйлөрүн жабуу каралган
Анын айтымында, Балдар жөнүндө кодекс 2012-жылы кабыл алынып, учурдагы абалга жооп бербейт.
"Балдар жөнүндө кодекс 2012-жылы кабыл алынган. Андан бери жагдай өзгөрүп, ал учурдагы талапка жооп бербей калды. Мындан улам 2017-жылы аны кайрадан иштеп чыгуу демилгеленген. Атайын жумушчу топ түзүлүп, Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясы иштелип чыккан. Ал үчүн балдарды коргоо жаатында дүйнөлүк тажрыйба изилденип, Кыргызстандын шарттарына ыңгайлаштырылган. Ал 2019-жылы эле кабыл алынышы керек эле, бирок эмнегедир улам жылып келди. Учурда өлкөдө 925 социалдык кызматкер бар, бул жетишсиз. Алар көбүнчө майыптыгы барларга жана улгайгандарга кам көрөт. Ал эми жашы жете электерди кароого алардын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Өлкөдө эки миллиондон ашык бала бар. Аларды карай турган социалдык кызматкер жок. Ошондуктан соңку учурларда балдарга карата зомбулук боюнча маалыматтарды согуш талаасынан алгандай эле алып жатабыз. Эгерде жаңы редакция кабыл алынса, 700дөн ашык социалдык кызматкер киргизилет. Натыйжада жергиликтүү бийликтин балдардын укугун коргоо жаатындагы ишин жакшыртууга кыйла көмөк болот. Андан тышкары, жашы жете электерди балдар үйүнө таштай турган жолдор жабылат. Анткени бүт дүйнөдө аталган мекемелер балдардын укугу бузулган жай болуп саналат. Ошондуктан балдар үйлөрү жабылып, бөбөктөрдү биологиялык үй-бүлөлөрү менен кошууга аракеттер көрүлөт. Эгерде бул мүмкүн болбосо, фостердик үй-бүлөгө берүү жолу каралат", — деди Турдубекова.
Ошондой эле ал балдар үйүнө бөлүнүп жаткан каражат аймактарда социалдык кызматтарды түзүүгө жумшаларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0