Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абакиров: 2-3 айда ишкерлерге 450 миллион сом кепилдик үчүн берилет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Председатель правления ОАО "Гарантийный фонд" Малик-Айдар Абакиров
 Председатель правления ОАО Гарантийный фонд Малик-Айдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Жазылуу
"Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун төрагасы Малик-Айдар Абакиров аталган фонд ишкерлерге 550 миллион сом кепилдик бергенин маалымдады.
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризмге кепилдик берүүнүн натыйжасы жакшы болот. Бул тууралуу Малик-Айдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Абакиров: 2-3 айда ишкерлерге 450 миллион сом кепилдик үчүн берилет
Анын айтымында, насыя алуу үчүн ишкерлердин күрөөсү жетиштүү суммада бааланбай калса, аларга тийиштүү кепилдик берилет.
"Дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүндө кепилдик фонддор иштейт. Кыргызстанда соңку жылдарда регионалдык фонддор түзүлүп калды. Булардын иш алып баруусу ишкерлерге жеңилдиктерди жаратат. Алсак, алар насыя алуу үчүн банктарга кайрылат. Эгерде ишкердин койгон күрөөсү арзан бааланып калса, кошумча каражат издеши керек же болбосо такыр эле кредиттен баш тартуу зарыл болот. Мындай учурда бизге окшогон финансылык институттар ишкерлерге колдоо көрсөтүп, кепил болуп берет. Маселен, "Кепилдик фонд" ААКсы ишкерлерге быйыл 1 миллиард кепилдик берүүнү пландаштырган. Учурда аталган сумманын 550 миллион сому берилди, алдыңкы айларда дагы 450 миллион сом кепилдик берилет. Ал үчүн кошумча күрөөнүн же кепил болуучу адамдын кереги жок, тагыраагы талап кылынбайт. Болгону бир жолу 2-2,5 пайыз комиссия алынат", — деди Абакиров.
Ошондой эле ал айыл чарба, туризм жана кайра иштетүү приоритеттүү тармактар болуп саналарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0