Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери, пульмонолог Анара Калиева. Архив

Калиева: чылым чегүүнү таштоо үчүн аң-сезимди өзгөртүү зарыл

41
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери, пульмонолог Анара Калиева тамеки чегүү адамды арыктатарын айтты.

Тамекинин курамындагы уулуу заттар адамды арыктатат. Бирок бул ден соолука кам көрүү эмес, тескерисинче, ууландырып арыктоо болуп саналат. Мындай пикирин Анара Калиева Sputnik радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Калиева: чылым чегүүнү таштоо үчүн аң-сезимди өзгөртүү зарыл

Анын айтмында, тамеки чегүүдөн арылууну каалагандар үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылса болот.

"Тамеки чегүүнү таштоо биринчи кезекте адамдын өзүнөн көз каранды болот. Анын аң-сезими өзгөргөндө гана муну ишке ашыруу мүмкүн. Кээ бирөөлөр "тамеки чекпей калсам семирип кетем" деп айтышат. Ооба, чылым тарткан адам арык болот. Анткени ал 7000ден ашуун уулуу заттар менен күнүнө бир нече ирет организмин ууландырып жатат да. Бирок бул саламаттыгы чың арык адам деп айта албайбыз. Андыктан туура арыктап, сапаттуу жашаганга өтүү керек. Мындай шылтоолорду токтотуп, тамеки чегүүнү таштатуучу ар кандай ыкмаларды колдонуп, жардам керек болсо үй-бүлөлүк дарыгерлерге да кайрылса болот", — деди Калиева.

Дарыгер айрым эрки күчтүү кишилер жөнөкөй гана кант, куруттун жардамы менен тамеки чегүүнү таштап коюшарын кошумчалады.

41
Белгилер:
Анара Калиева, дарт, өпкө, тамеки
Тема боюнча
Чылым чеккендер эмне жеши керек. Нарколог пайдалуу 6 азыкты атады
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

23
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

23
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

31
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо көлөм жагынан биримдикте атаандаштык жаратуу кыйын экендигин айтты.

Казакстан, Өзбекстан, Беларусь ЕАЭБ рыногуна ири көлөмдөгү продукция чыгарат. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Спутник Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө.

"Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү менен ЕАЭБ рыногунда атаандаштык жарата албайбыз. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экспорту арбын. Мындан тышкары, ал өлкөлөрдө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө. Биздеги жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн бири — органикалык, экологиялык таза азык-түлүк, биз ушуну менен алдыга чыксак болот. Бул багытта маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, дыйкандарды окутууга көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөлүк кардарлар аз көлөмдө сурабайт. Демек, таза азык-түлүктүн көлөмүнө басым жасоо зарыл. Ал үчүн бул тармактагы системаны өзгөртүү керек. Мисалы, жеке ишканаларды бириктирип, көлөмдү аныктай турган жолун караш керек. Ага байланыштуу "Органикалык аймак" деген долбоорду ишке ашырып жатабыз. Органикалык идеянын айланасында фермерлерди бириктирүүгө мүмкүн болду", — деди Айдаралиев.

Ошондой эле адис туура жер иштетүү боюнча окутууларды уюштуруп, жакшы жыйынтыкка жетсе болорун кошумчалады.

31
Белгилер:
айыл чарба продукциясы, органика
Тема боюнча
Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
15-июнга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарында +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +32…+34 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы