Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эсенаманов: туризм жөнүндө мыйзамды жаңылоо муктаждыгы бар

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуНачальник организационно-правового и кадрового отдела департамента туризма Автандил Эсенаманов
Начальник организационно-правового и кадрового отдела департамента туризма Автандил Эсенаманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Туризм департаментинин уюштуруу, укук жана кадр иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Автандил Эсенаманов 2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкканын маалымдады.
Туризм тармагындагы мыйзамдарды жөнгө салуу муктаждыгы бар. Бул тууралуу Автандил Эсенаманов Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Эсенаманов: туризм жөнүндө мыйзамды жаңылоо муктаждыгы бар
Анын айтымында, туризмди тескеген азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган.
"2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды. Анда чет өлкөлөрдө маркетинг жүргүзүү мерчемделген. Анын алкагында Кыргызстандын туризм тармагын чет элдиктердин арасында таанытуу аракеттери көрүлөт. Пандемияга чейин бул багытта иш тынымсыз жүргүзүлүп турчу. Пандемиядан улам туризм тармагынын көрсөткүчтөрү 60-80 пайызга түштү. Маселен, 2019-жылы өлкө ИДПсына туризмдин үлүшү 5,2 пайыз болсо, учурда бул көрсөткүч 2,9 пайызга чейин түштү. Ошондой эле туризм боюнча мыйзамды сунуштоо боюнча иштер жүрүүдө. Себеби мурдагы мыйзам 1999-жылдан бери өзгөрүүсүз иштеп жатат. Андан бери өлкөдө, дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, учурдагы мыйзам бүгүнкү талаптарга жооп бербей калды. Сунушталып жаткан мыйзамда статистиканы жакшыртуу каралган. Анткени өлкөгө кирген жарандын баары турист катары эсептелип калууда деген сындар айтылып келет", — деди Эсенаманов.
Ошондой эле аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында тоо лыжасы базаларынын санын көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0