Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мурзаев: адам максатты туура кое билсе өнүгөт

© Sputnik / Асылбек БактыбековПсихолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев инсандык өнүгүүдө адамга башкалардын жасаган мамилеси таасир этерин айтты.
Инсандык өнүгүүдө алгач максат кое билүү керек. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мурзаев: адам максатты туура кое билсе өнүгөт
Анын айтмында, аракетчил адамдар өзүн-өзү өнүктүрүүдө бийиктиктерди багындыра алышат.
"Инсандык өнүгүүгө таасир этүүчү факторлор көп. Анын эң негизгиси айлана-чөйрөнүн сага жасаган мамилеси болуп эсептелет. Адам социумдан абдан көз каранды келгендиктен, анын жанындагылары кубаттап турса өзүн-өзү өнүктүрүп, бийиктиктерди багындырууга кетенчиктебей кадам таштайт. Экинчи орунда билим турат. Анын эмне окуп, кандай билим алып жатканы абдан маанилүү. Бирок булардын баарын жасап, ал эми алдыга койгон максаты жок болсо, адам өнүгө албайт. Жөн гана агым менен калкып жашай берет. Андыктан өзүн-өзү өнүктүрүүгө киришерден мурда максатты туура койгонду үйрөнүп алуу керек. Алдыга чоң-чоң максаттарды коюп жана аны мезгил өткөн сайын бекемдеп, талбай эмгектенүү зарыл. Ал үчүн ар кандай мотивацияларга ээ болуп, билимин тереңдетип, аракетин жасай бериши абзел", — деди Мурзаев.
Психолог ар кандай мотивациялык окуулар, коучтар адамга максат коюуну гана үйрөтө аларын, калганы инсандын жеке аракетинен көз каранды экендигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын аудиодон угуңуз:
Жаңылыктар түрмөгү
0