Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кубатов: Эверестке кайра барбайм

© Sputnik / Табылды КадырбековАльпинист Эдуард Кубатов
Альпинист Эдуард Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Альпинист Эдуард Кубатов дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти багындырган биринчи кыргыз болгону үчүн сыймыктанарын айтты.
Эверест чокусуна чыгуу үчүн 2014-жылдан тарта кызуу даярданып, биринчи ирет 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусун багындыргам. Бул тууралуу Эдуард Кубатов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып берди.
Кубатов: Эверестке кайра барбайм
Дүйнөнүн бийик чокусуна барууга белгилүү советтик альпинист Сергей Богомолов да себеп болгон.
"Эверестке чыгуу кыялым бала кезимен калыптанган. 6-7 жашыман бери атам Эверест, Кайлас тууралуу тарыхый окуяларды, уламыштарды айтып жүрүп, жүрөгүмдө ушундай бийик тоолорго чыгам деген кыял пайда болгон. Кызуу даярдыкты 2014-жылы баштап, Чоң-Алайдагы 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусун багындыргам. Ал жерде абдан маанилүү жолугушуу болгон. Эверестке төрт жолу барган легендарлуу советтик альпинист Сергей Богомолов менен чогуу 12 күндө Ленин чокусуна чыкканбыз. Кайтып келгенден кийин талантымды, тоого чыгуу чеберчилигимди байкап, Эверестке да бара аларымды айткан эле. "Альпинизм менен алектенсең жакшы жетишкендиктерди багындыра турган потенциалың бар экен" деген. Жети жыл аралыгында беш бийик чокуда болдум. Анткени Джомолунгмага чыгууда Непал өлкөсүнөн уруксат кагазын алуу үчүн 7 000 метр бийиктиктеги эки чокуну багындырып келиш керек. Мен кыялымды орундата алдым. Жеңишимди кыргыз элиме арнайм", — деди Кубатов.
Ошондой эле альпинист эң бийик чокуга чыгуудагы кыйынчылыктарын эске алып, кайрадан Эверестке эч качан барбай тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0