БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев

Айтикеев: өткөн шайлоодо мыйзам бузган талапкерлер жаңысына катыша албайт

32
БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев Бишкек, Ош, Токмок шаарларына жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого 48,3 миллион сом каралганын белгиледи.

Үч шаарга жергиликтүү кеңештерге кайталап өткөрүлүп жаткан шайлоого мурдагысында мыйзам бузганы аныкталган талапкерлер катыша албайт. Бул тууралуу Төлөгөн Айтикеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Айтикеев: өткөн шайлоодо мыйзам бузган талапкерлер жаңысына катыша албайт

Анын айтымында, шайлоо 13-июлда өтүп, үгүт иштери 21-июнда башталат.

"Ош, Бишкек, Токмок шаардык кеңештерине белгиленген 11-апрелдеги шайлоолор жокко чыгарылган. 27-майда кайталап шайлоо өткөрүү боюнча президенттин жарлыгы жарык көрдү. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган жарлыкка ылайык, уюштурулуучу иш-чаралардын календарлык планын, сметасын бекиткен. Үч шаарда аймактык шайлоо комиссиялары 326 участокто иш алып барат. Шайлоо иштерин уюштуруу жана өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом каралган. 9-июндан тарта шайлоочулардын тизмеси чыгарылып, участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү. Шайлоочулар тизмеден өзү тууралуу маалыматтарын тактап алуусу зарыл. Ал үчүн участкага барып, 119 номерине СМС-билдирүү жиберип же https://tizme.gov.kg/ маалымат порталына кирсе болот. Ал эми партиялар 13-июнга чейин тийиштүү документтерин аймактык шайлоо комиссияларына тапшыруусу керек. Анын негизинде партияларды катыштыруу же катыштырбоо чечими кабыл алынат. Ал эми 21-июндан тарта үгүт өнөктүгү жүргүзүлө баштайт. Буга чейин шайлоого катышкан партиялардын баары катышууга укуктуу. Ал эми алардын тизмеси менен шайланып, бирок мыйзам бузгандыгы аныкталган талапкерлер сот күнөөлүү деп тапса азыркы шайлоого катыша албайт. Бул боюнча АШК, БШКнын чечими менен тизмеден чыгарылат", — деди Айтикеев.

Ошондой эле ал шайлоолор бардык эпидемиологиялык, санитардык нормаларды сактоо менен уюштурулуп, өткөрүлө турганын кошумчалады.

32
Белгилер:
мыйзам, талапкер, БШК, үгүт, шайлоо
Тема боюнча
Аманбаева: аялдарды талапкер, кийин депутат болууга окутуп келебиз
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

28
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев аталган мекеменин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады.

ӨКМдин материалдык-техникалык базасы эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөн. Аны жакшыртуу боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Алсак, куткаруу иштери үчүн Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Бул тууралуу Ырыспек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

Анын айтымында, учурда куткаруу иштери үчүн бир дагы тик учак жок.

"Өзгөчө кырдаалдардын саны күн санап өскөнүнөн улам ӨКМдин материалдык-техникалык базасындагы кемчиликтери билинүүдө. Техника эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөнү эч кимге жашыруун эмес. Учурда материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Алсак, 85 бирдик атайын инженердик оор техника кабыл алынды. Ошондой эле куткаруу иштерин жүргүзүү, куткаруучуларды жерине ыкчам жеткирүү үчүн ӨКМдин карамагында бир дагы тик учак жок. Бул маселени чечүү максатында Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Ошондой эле ӨКМге караштуу авиациялык ишкана бар. Анын ишин кайрадан карап чыгып, донорлор аркылуу учак сатып алуу аракеттери көрүлүүдө", — деди Жолдошбаев.

Ал келечекте ӨКМге 80 өрт өчүрүүчү техниканын келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

28
Белгилер:
куткаруу, ӨКМ, учак
Тема боюнча
Ысык-Көлдөн кайсы шаарларга учуп кетсе болот? Тизме жана график
Пилатес жана антигравитациялык йога боюнча эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу Айсалкын Аманбек кызы

Аманбек кызы: йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болот

43
(жаңыланган 10:52 23.06.2021)
Пилатес жана антигравити йога боюнча эл аралык даражадагы машыктыруучу Айсалкын Аманбек кызы йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болорун айтты.

Тукумсуздук, омуртка оорулары менен жабыркагандар жана балалуу боло албаган келиндер йога-пилатестин артыкчылыктарын колдоно башташты. Мындай маалыматты Айсалкын Аманбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аманбек кызы: йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болот

Анын айтымында, йога ички булчуңдарды иштетип, аны чыңалдыра турган көнүгүүлөрдү камтыйт.

"Йога-пилатес менен алектенүүгө коронавирус менен ооруп айыккандан кийинки реабилитацияга көп адамдар келип жатышат. Анткени россиялык окумуштуулар коронавирусту инсульттан кийинки абалга окшоштурушууда. Себеби мээ жаракат алып, кээ бир мүчөлөр толук иштебей, жытты, даамды айырмалай албай калып жатышат. Буга байланыштуу нейрондук байланыштардын жардамы менен организмди калыбына келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасап, жыйынтыкка жетип жатабыз. COVID-19дан улам жакындарын жоготуп, стресске кабылган адамдар да бизге кайрылууда. Мындан тышкары, омуртка ооруларынан арылуу үчүн келип жатышат. Биз йога, пилатес, кинезиотерапия багыттарын бириктирип, өзүбүздүн автордук методикабызды иштеп чыкканбыз. Анда кан жүгүртүүгө эмес, лимфа системасына көбүрөөк көңүл бурулат. Анткени лимфа системасы жакшы иштесе көп оорулардын алдын алат. Алардын катарына коронавирусту кошсо болот. Тукумсуздук, омуртка оорулары менен жабыркагандар, балалуу боло албай жүргөндөр йога-пилатестин артыкчылыктарын колдоно башташты", — деди Аманбек кызы.

Ошондой эле адис йога-пилатестин жардамы менен ашыкча салмактан арылып, арыктоону каалагандар кайрыларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, пилатес — жаракаттан кийинки реабилитация үчүн физикалык көнүгүүлөрдүн системасы. Аны XX кылымдын башында германиялык спорт адиси Йозеф Пилатес негиздеген.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

43
Белгилер:
реабилитациялоо, йога
Тема боюнча
Бактылуу болууну эч жерде үйрөтпөйт. Йога машыктыруучусу Кадырбаеванын маеги
Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив

Каттоо кызматынын функциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

0
(жаңыланган 17:44 23.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улукбек Марипов башында турган министрлер кабинетинин курамында жаңы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнү белгиленди.

Эми Юстиция министрлигинин карамагында болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо багытындагы бардык маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги айтылды.

0
Белгилер:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды