Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бактыбеков: Кыргыз-өзбек фондунун капиталы 200 млн. долларга жеткирилет

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЭкономика жана финансы министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Данияр Бактыбеков
Экономика жана финансы министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Данияр Бактыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Данияр Бактыбеков жакында баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзгөн Кыргыз-өзбек фонду ачыларын маалымдады.
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун ачылышы бул тармактагы атаандаштыкты күчөтөт. Натыйжада керектөөчүлөр үчүн пайыздар азайышы ыктымал. Бул тууралуу Данияр Бактыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бактыбеков: Кыргыз-өзбек фондунун капиталы 200 млн. долларга жеткирилет
Анын айтымында, аталган фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашмакчы.
"Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү макулдашылган. Учурда бул документ ички процедуралардан өтүп жатат. Бул иштер аяктаса эле фонддун ишмердиги, башкаруусу так аныкталат. Фонддун баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзүп, бул каражат ушул жылдын соңуна чейин Улуттук банктын атайын эсебине түшөт. Ал иштетилип бүткөндөн кийин Өзбекстан тарабынан 200 миллионго жеткирүү пландалууда. Фонд ачылып калса ишкерликтин бир катар тармагында инфраструктуралык түзүмдү жакшыртууга өбөлгө болот. Банктарга насыя берип, приоритеттүү тармактарга инвестиция салат. Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосунда бирдиктүү ишканаларга артыкчылык берилет. Аталган фонд Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун модели боюнча иш алып барат. Белгилүү болгондой, ал биздин рынокто азырынча жалгыз. Алдыда Кыргыз-өзбек, Кыргыз-венгер фонддору дагы ачылса, рынокто кандайдыр бир деңгээлде атаандаштык жаралып, керектөөчүлөр үчүн пайдалуу шарттарды түзүшү ыктымал", — деди Бактыбеков.
Ошондой эле ал Өзбекстандын Кыргызстанга салыштырмалуу экономикалык артыкчылыктары бар экенин белгилеп, аталган өлкө ишкерлерге кошумча рынок боло аларын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0