Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чекиров: майыптыгы барлар үйлөрүн акысыз камсыздандырышат

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров турак жайды милдеттүү камсыздандырууда айрым жарандар бекер кызмат көрсөтүү категориясына кирерин айтты.
Үйлөрдү милдеттүү камсыздандыруу социалдык долбоор болгондуктан төлөмдөрү арзан. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Чекиров: майыптыгы барлар үйлөрүн акысыз камсыздандырышат
Анын айтымында, турак жайын майыптыгы бар жарандар акысыз камсыздандыра алышат.
"Турак жайларды милдеттүү камсыздандырууда кырсыктын 18 түрү каралган. Шаар тургундары жылына үйүнүн аянтына карабай 1200, ал эми айылдарда 600 сом төлөшөт. Ошондой эле биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар адамдарга кызмат акысыз көрсөтүлөт. Башкача айтканда, алар жыл сайын жогоруда көрсөтүлгөн сумманы төлөп отурушпайт. Бирок биздин жоопкерчилик ошол бойдон эле сакталып калат. Тагыраак айтканда, турак жай кырсыка кабылган учурда биз айылдарда 500 миң, калааларда 1 миллион сомго чейин төлөп беребиз", — деди Чекиров.
Ошондой эле ал үчүнчү топтогу майыптарга 50 пайыздык жеңилдетүү каралганын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0