Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мураталиев: кыргыз үй-бүлөсү "эриш-аркак" философиясы менен бекем сакталган

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев
Кыргыз таануучу, Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
Кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев үй-бүлөнүн мамлекеттүүлүккө тийгизген таасири тууралуу айтып берди.
Кыргызда урууга бөлүнүүнү жектегендер бар. Ооба, азыркы заманда аны саясатташтырып, туура эмес нукта колдонуп жатышат. Бирок дээринде бул бүтүндүктү сактап калчу чоң күчкө ээ. Мындай пикирин Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Мураталиев: кыргыз үй-бүлөсү "эриш-аркак" философиясы менен бекем
Анын айтымында, кыргыздар мамлекеттүүлүгүн жоготсо да элдүүлүгүн жоготпой жашап келген учурлар тарыхта көп болгон.
"Кыргыздын кылымдарды карытып жоголуп кетпей жашап келишинин башкы себеби ал ар кандай учурда өзүнүн элдүүлүгүн сактап кала алган. Албетте, мунун башатында үй-бүлө турат. Кыргыз үй-бүлөсүндө тең укуктуулук же аял, эркек теңдиги деген түшүнүк болгон эмес. Эриш-аркак, экөө биригип бир бүтүн деген философияны карманышкан. Мына ушундай тарбия менен үй-бүлө институту бекем кармалган. Кыргыздар тукумумду, уругумду, уруумду, журтумду уят кылбайын деген намыс менен, башкача айтканда, элге өзүн арнап жашашкан. Байыркы ата-бабаларыбызда өзүмчүлдүк түшүнүгү уят катары кабылданган. Ошондуктан да түтүнмө-түтүн кырылып, мамлекеттүүлүгүнөн, эркиндигинен ажыраса да элдүүлүгүнөн айрылбай, уруулашына, журтташына жөлөк-таяк болуп кайрадан жетилип, мамлекеттүүлүгүн түптөгөн деңгээлге жете алган. Тилекке каршы, азыркы Кыргызстан элдин эмес индивиддин, жеке адамдын мамлекетине айланды", — деди Мураталиев.
Ал үй-бүлө институтунун бекем сакталышына, мамлекеттүүлүктүн өнүгүп-өсүшүнө терс таасирин тийгизген иш-аракеттер мыйзамдарга чейин кирип кеткендигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0