Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот

© Sputnik / Асылбек БактыбековДиректор МП "Бишкекский санитарный полигон" Адиль Назаров
Директор МП Бишкекский санитарный полигон Адиль Назаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаров борбор калаадан күнүнө 300 тонна тамак-аштын калдыгы чыга турганын белгиледи.
Бишкек шаарынын таштандысынан айына 30 миллион сом киреше тапса болот. Бул тууралуу Адил Назаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Назаров: Бишкектин таштандысынан айына 30 млн. сом пайда тапса болот
Анын айтымында, таштандыдан пайда табуу жолдору дүйнөдө эбак эле жолго салынган.
"Бишкек шаарынан күнүнө 300 тоннадан тамак-аш калдыгы чыгат. Өткөндө Кумтөргө барып келдим. Ал жакта бир тонна тамак-аш калдыгын кайра иштетип, эки суткада органикалык жер семирткич жасашат экен. Натыйжалуулугу жөнөкөй кыктан 3-4 эсе жогору болот. Учурда дүйнө жүзүндө органикалык жер-жемиш, жашылчаларга талап күч. Баасы дагы салыштырмалуу кыйла жогору. Өлкөдө кожогат (малина), кулпунай жакшы өсөт. Ыргытылган тамак-аш калдыктарын кайра иштетип, органикалык жер семирткич даярдалса, дыйкандардын пайдасы өсүп, экспортту көбөйтүүгө мүмкүндүк түзүлмөк. Андан тышкары, бул иш колго алынса полигондон метан чыгып күйбөй калат. Натыйжада экологияга тийгизген терс таасири азаят. Буга утурлай эле пластик, металл, кагазды иштетүү менен айына шаар бюджетине 30 миллион сомдой пайда келтирсе болот. Учурда мунун баарын ар кайсы компаниялар тоноп жатат", — деди Назаров.
Ал чырпыктарды, жалбырактарды полигонго таштабастан майдалап жерге табигый азык катары сээп койсо боло турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0