Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камолидинов: беш жыл даярдалган кодекстерди кайра жазуу муктаждыгы жаралды

© Sputnik / Асылбек БактыбековБашкы прокуратура башкармалыгынын ага прокурору Сирожиддин Камолидинов
Башкы прокуратура башкармалыгынын ага прокурору Сирожиддин Камолидинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Башкы прокуратура башкармалыгынын ага прокурору Сирожиддин Камолидинов учурдагы кодекстерге өзгөртүү киргизүү муктаждыктан улам болуп жатканын белгиледи.
Иштеп жаткан кодекстердин кемчилиги артыкчылыгына караганда көп болчу. Мындай пикирин Сирожиддин Камолидинов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Камолидинов: беш жыл даярдалган кодекстерди кайра жазуу муктаждыгы жаралды
Анын айтымында, 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштаган кодекстердин ар бирине кеминде 100дөн ашык өзгөртүү киргизилсе дагы натыйжа берген эмес.
"Учурда иш алып барып жаткан Кылмыш-жаза, Кылмыш-жазык жана Эреже бузуулар кодекстерине өзгөртүүлөр сунушталууда. Мурдагысы 2012-жылдан бери иштелип чыгып 2017-жылы кабыл алынды. 2019-жылдын январынан тарта күчүнө кирди. Мына ушул эки жылда мыйзамдардын кемчиликтери көрүнүп калды. Ар бир кодекске 100дөн кем эмес өзгөртүү киргизилсе дагы андан тийиштүү натыйжа чыккан жок. Мындан улам өзгөртүү киргизүү боюнча көптөгөн кайрылуу, арыз, сунуштар түшүп турду. Мындан улам укук коргоо органдарынан, коомчулуктан, илимий интеллигенциядан болуп 68 адамдан турган жумушчу топ түзүлүп, жаңы кодекстерди кайра жазуу колго алынды. Себеби 50 пайыздан көп өзгөртүү киргизүү зарыл болуп, толуктоолор менен бул кемчиликтерди жоюу мүмкүн эмес эле. Аны талкуулоо ачык жүрүп, ким кааласа катыша алды. 14-июнда долбоорлор Жогорку Кеңешке тапшырылды. Эгерде тийиштүү сунуштар болсо дагы деле өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби бул долбоордо деле кемчиликтер болушу толук мүмкүн", — деди Камолидинов.
Ал сунушталып жаткан кодекстердин долбоорунда эң башкы талап адам укугун жана укук коргоо органдарынын ишиндеги балансты сактоо экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0