Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумабекова: учурда иштеп жаткан кодекстер өлкө үчүн укуктук диверсия болгон

© Sputnik / Асылбек БактыбековЮридика илимдеринин доктору Турдукан Жумабекова
Юридика илимдеринин доктору Турдукан Жумабекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Юридика илимдеринин доктору Турдукан Жумабекова заман талабына жараша мыйзамдарга өзгөртүүлөр тынымсыз киргизилип турарын белгиледи.
2019-жылы кабыл алынган кодекстер өлкө үчүн диверсия болгон. Мындай пикирин Турдукан Жумабекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жумабекова: учурда иштеп жаткан кодекстер өлкө үчүн укуктук диверсия болгон
Анын айтымында, учурунда кодекстерди кабыл алууда тийиштүү сунуштар киргизилбей калган.
"2012-жылы учурда иштеп жаткан кодекстер жазылып баштаганда кандай кызыкчылыктар болгону азыркыга чейин бүдөмүк. Ал иштеп баштаган 2,5 жылдын ичинде 300дөй толуктоолор киргизилип, дагы 500дөй өзгөртүү Жогорку Кеңеште турат. Бул жарабай калган норма киргизилди деген кеп. Ага чейин Кылмыш-жаза кодекси, Жазык процессуалдык кодекси иштеп жаткан. Алты жылдай заман талабына жараша өзгөртүүлөр киргизилип турган. Аны түп-тамырынан жок кылып, жараксыз деп табуу түшүнүксүз. 2019-жылы ошол кодекстер иштеп баштаганда ИИМ 100дөн ашык толуктоо, өзгөртүүлөрү менен Жогорку Кеңешке келген. Ал сунуштар эмнеге даярдалып жатканда берилген эмес деген суроо жаралышы ыктымал. Анткени ал кодекстерди иштеп чыккан топ эч өзгөртүүсүз киргизүү талабын коюп, кошумча-алымчаларды кабыл алган эмес. Жогорку Кеңешке келгенде дагы дээрлик өзгөртүү киргизилген эмес. Ошондуктан жаңы вариантын сунуштоо зарылчылыгы келип чыкты", — деди Жумабекова.
Окумуштуу кодекстерди киргизүү үчүн келген гранттарды укук коргоо органдарынын шартын жакшыртууга жумшаса натыйжа бермектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0