Мотор майларын чет өлкөдөн ташып ишкерлик кылган Нурлан Кадыралиев

Кадыралиев: туура эмес тандалган мотор майы көп чыгымга учуратат

206
(жаңыланган 14:56 21.06.2021)
Мотор майларын чет өлкөдөн ташып ишкерлик кылган Нурлан Кадыралиев туура эмес тандалган мотор майы унааны мөөнөтүнөн мурда жарактан чыгарып, көп чыгымга алып келерин айтты.

Автоунаадан бөлүнүп чыккан кара түтүндүн экологияга тийгизген терс таасири абдан жогору. Анын негизги себеби сапатсыз мотор майларынын тандалышынан келип чыгат. Мындай пикирин Нурлан Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кадыралиев: туура эмес тандалган мотор майы көп чыгымга учуратат

Анын айтымында, Кыргызстанда 2000-2010-жылдарда чыгарылган унаалар көп болгондуктан 5W-40 синтетикалык мотор майын куюу сунушталат.

"Мен 2004-жылдан бери мотор майларын чет өлкөдөн Кыргызстанга ташып ишкерлик кылам. Элде туура маалымат жок болгондуктан көп көйгөй жаралып келет. Мисалы, туура эмес тандалган мотор майы автоунааны мөөнөтүнөн мурда жарактан чыгарып, көп чыгымга учуратат, мотор эрте бузулат. Кыргызстанда 2000-жылдан кийин чыгарылган машиналар көп. Анын жылына, техникалык мүнөзүнө карап май куюш керек. Айдоочулар көп учурда ушул этапта жаңылышат. Алсак, кыймылдаткыч майы жарым синтетикалык жана синтетикалык деп бөлүнөт. 2000-жылга чейинки автокөлүктөргө негизинен жарым синтекалык мотор майын колдонушат. Ал ысык, суукка чыдамдуулугу начар. 20 градус ысыкта май суюлуп кетет. Ага жараша унаанын кетирген чыгымы эселеп көбөйө баштайт. Мисалы, бизде 2000-2010-жылдарда чыгарылган унаалар көп болгондуктан 5W-40 синтетикалык мотор майын куюуну сунуштайм. Анткени климаттык ар түрдүү шартта реакция бербейт", — деди Кадыралиев.

Ошондой эле адис айдоочулар көп учурда акча аяп, сапатсыз мотор майын колдонуу менен чыгаша болорун кошумчалады.

206
Белгилер:
мотор, май, автоунаа, Нурлан Кадыралиев
Тема боюнча
Ысыкта жолдо калбайын десеңиз... Автоунаа өчүп калбаш үчүн эмне кылуу керек
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров. Архив

Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек

7
(жаңыланган 12:51 18.09.2021)
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров коррупция менен күрөшүүдө башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары дагы изилдене турганын белгиледи.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн деңгээлинде коррупция менен күрөшүүнү бирдиктүү колго алуу зарыл. Себеби ошол эле бажы, чек ара жаатында коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу керек. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Эксперт: коррупция менен күрөшүү боюнча ЕАЭБде бирдиктүү долбоор керек

Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүдө уюмга мүчө мамлекеттерде ар кандай ыкмалар колдонулат.

"Башка мамлекеттердин ийгиликтүү тажрыйбаларын изилдеп көрдүк. Ошол эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин дагы тажрыйбасын эске алдык. Уюмга мүчө мамлекеттерде коррупциялык көрүнүштөр, аны менен күрөшүү ыкмалары дагы ар башка болууда. Мисалы, Казакстанда коррупция менен күрөшө турган медиа борборлор бар. Алар көз карандысыз делингени менен президенттин алдында. Ал борбор коррупциялык көрүнүштөрдү коомго ачыктап чара көрүү аркылуу иш алып барат. Ошону менен өз натыйжасын көрсөтүп келе жатат. Ал эми Россияда, Беларуста, Арменияда деле бул багытта иш жүрөт. Бирок коррупция менен күрөштө жетиштүү деңгээлде натыйжасы байкалбайт. Ошондуктан ЕАЭБдин деңгээлинде коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү долбоор даярдалышы зарыл. Уюмдун ичиндеги өлкөлөрдүн бажы жана чек ара кызматтарында кездеше турган коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу шарт. Себеби көмүскө товарлар кирип, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилиши мүмкүн", — деди Мамбеткадыров.

Ошондой эле кайсы бир өлкөнүн тажрыйбасын колдонордон мурда жергиликтүү менталитетти эске алуу зарыл экендигин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

7
Белгилер:
Айдар Мамбеткадыров, коррупция, Евразиялык экономикалык биримдик, тажрыйба
Тема боюнча
Коопсуздук кеңеш аймактык органдардагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктоодо
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков

Камчыбеков: Бишкек марафонуна майыптыгы бар 100 адам катышат

9
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков Кыргызстан боюнча 195 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашай турганын айтты.

Эртең борбор калаада өтүүчү жарым марафонго коляскада отурган майыптыгы бар 100 адамдын катышары пландалган. Бул тууралуу Адилет Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Камчыбеков: Бишкек марафонуна майыптыгы бар 100 адам катышат

Анын айтымында, өлкөдө 195 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.

"Булар үч топко бөлүнөт. Биринчиси — үйдөн чыкпаган, ата-энесинен башка эч ким менен сүйлөшпөгөн адамдар, экинчи топтогулар жарым-жартылай коомчулукка аралашкандар, ал эми үчүнчүсү билим алып, дос күтүп, эл менен аралашып жүргөндөр, бирок майыптыгы бар. Биринчи топко киргендердин психологиялык дагы саламаттыгы кооптуу абалга кептелет. Алардын ата-энеси, жакындары да ушундай эле оор абалда болот. Бул жарандарды элге аралаштырып, жарышка катыштыруу биринчи кезекте алардын багуучулары, ата-энеси үчүн чоң дем-күч берет. Андыктан биздин марафонго коляскада отурган, үч жаштан өйдө 100 адамды катыштыруу пландалган. Алар төрт топко бөлүнүп чуркашат. Кыздар, эркектер өзүнчө жана жандоочу менен, ошондой эле өз алдынча чуркагандар бар. Марафон учурунда дарыгерлер, тиешелүү социалдык мекемелердин кызматкерлери көзөмөлдөп турушат", — деди Камчыбеков.

Спортчу марафондун жыйынтыгында ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар берилерин кошумчалады.

 

9
Белгилер:
Адилет Камчыбеков, марафон, майыптар, ден соолук
Тема боюнча
Надыров: Бишкек жарым марафонунун онлайн катышуучулары да болот
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

0
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

0
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот