Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Султанов: 2025-жылга чейин ЕАЭБде бирдиктүү капитал рыногун түзүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин тең төрагасы Абдуталип Султанов
Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин тең төрагасы Абдуталип Султанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин тең төрагасы Абдуталип Султанов аталган фонддун эл аралык ишмердиги тууралуу айтып берди.
Өлкөгө инвестиция тартуу жеңил болушу үчүн 2025-жылга чейин ЕАЭБде бирдиктүү капитал рыногун түзүү зарыл. Бул тууралуу Абдуталип Султанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Султанов: 2025-жылга чейин ЕАЭБде бирдиктүү капитал рыногун түзүү зарыл
Анын айтымында, тийиштүү чечим мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган.
"Кыргыз фондулук биржасы брокерлерди эл аралык рынокто иш алып барууга үйрөтүүдө. Себеби Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Бирдиктүү капитал рыногун түзүү чечими буга чейин президенттер тарабынан кабыл алынган. Аны ишке ашыруу 2025-жылга чейин жыйынтыкталуусу кажет. Эгерде буга жетише алсак, өлкөгө инвестиция тартуу кыйла жеңилдейт. Учурда кыргыз фондулук биржасынын абалы жаман эмес. Анткени биржалар союзуна киребиз. Көпчүлүк биржалар менен түздөн-түз карым-катнаш, келишимдер бар. Ошолордун көмөгү менен өлкөгө инвестиция тартууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Маселен, Стамбул, Казакстан фондулук биржасы бизде акционер болуп эсептелет. Алардын тажрыйбасын алып, өнүгүүгө аракеттер көрүлүүдө. Бирок бул багытта айрым көйгөйлөр бар. Андыктан кыргыз фондулук биржасын эл аралык стандарттарга тууралоо зарыл. Анткени биздин рынок башкаларга салыштырмалуу өзгөчөрөөк. Алсак, бизде мамлекеттик, корпоративдик облигациялар өзүнчө болуп, бири-бири менен байланыш жок. Ошону бириктирүү аракеттери көрүлүүдө. Анүчүн биржалык фонд капиталынын 33 пайызын өкмөт сатып алуу боюнча токтомун чыгарган. Тилекке каршы, бул токтом жарым-жартылай гана аткарылды. Ошондуктан ал токтомду ишке ашырууну тездетүү зарыл. Себеби кыргыз фондулук биржасынын мүмкүнчүлүктөрү дагы да кеңейет. Мындан тышкары, мамлекеттик жана корпоративдик облигациялар рыногун бириктирүүгө шарт түзүлөт", — деди Султанов.
Ошондой эле ал өз кезегинде фондулук биржанын институттары 800-900 миллион сомдун тегерегиндеги жеке капиталдын негизинде түзүлгөнүн кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Жаңылыктар түрмөгү
0