Соода-ѳнѳр жай палатасынын мүчөсү, жүк ташуучу, ишкер Авазбек Керимбаев

Керимбаев: эми Казакстандан өткөн товарлар мурдагыдай текшерилбейт

197
(жаңыланган 10:45 23.06.2021)
Соода-ѳнѳр жай палатасынын мүчөсү, жүк ташуучу, ишкер Авазбек Керимбаев Кыргызстан 30 жылдан бери транзиттик өлкө катары калыптанып калганын белгиледи.

Жүк ташуучуларды Казакстандын салыкчыларынын текшерүүсү аталган өлкөнүн транспорттук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз деп табылды. Эми бул өлкөдөн өтүп жаткан товарлар мурдагыдай текшерүүгө дуушар болбойт. Бул тууралуу Авазбек Керимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Керимбаев: эми Казакстандан өткөн товарлар мурдагыдай текшерилбейт

Анын айтымында, 2018-жылы Казакстандын Салык кызматынын транзиттик транспортторду текшерүүгө укук берген 535-буйругу чыккан.

"Соңку 30 жылда Кыргызстан транзиттик өлкө катары калыптанды. Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрдөн товарларды импорттоп, кайра Казакстан, Россия сыяктуу мамлекеттерге экспорт жана реэкспорт жасап келет. Бирок акыркы 2-3 жылдан бери Казакстандын чек арасында көйгөйлөр жаралууда. Алсак, жүк ташуучулар 10-15 күнгө чейин ар кандай мыйзамсыз текшерүүлөргө дуушар болуп жатат. Көбүнчө "документте көрсөтүлгөн товарлар менен дал келишпестик" деген жүйө келтирилет. Логистикада товар убагында жеткирилбесе, өнөктөштөрдүн ишеними кетип чоң көйгөй жаралат. Негизи ЕАЭБ алкагында товарлардын эркин жүрүүсү камсыздалышы зарыл. Бирок Казакстандын Салык кызматы 2018-жылы 535-буйрук чыгарган. Ага ылайык, салыкчылар транзит менен өтүп жаткан автоунааларды текшерүүгө укуктуу болуп калган. Мына ошол буйрукту Казакстандын транспорттук прокуратурасы жакында эле мыйзамсыз деп тапты. Эми жүк ташуучулар мыйзамсыз текшерүүлөргө туш болбойт деген ишеним бар", — деди Керимбаев.

Ал пандемия шартында да жүк ташуу татаалдашып, бир катар көйгөйлөр жаралганын кошумчалады.

197
Белгилер:
импорт, жүк ташуучулар, Казакстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстанга өз портторун колдонууга уруксат берүүгө даяр
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет

10
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоору шашылыш кабыл алынгандыгын билдирди.

Аталган мыйзам ишке кирсе ички жана сырткы инвестицияга бөгөт коет. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет

Анын айтымында, мыйзамдын чийки жерлери көп жана ал президент кол койгонго чейин дыкат каралып чыгышы керек.

"Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоорун эмнеликтен Жогорку Кеңеш өтө шашылыш тартипте карап, үч окуудан тең бир заматта өткөрүп койгонун ишкерлер түшүнгөн жокпуз. Кыргызстанда ансыз да бизнес жасоо оор болуп, бир четинен пандемия күчөп турган учурда бул долбоор ишкерликке чоң тоскоолдуктарды жаратат. Анда чийки, дыкат иштелип чыкпаган жерлери арбын экен. Биз ишкерлер президент кол койгонго чейин бул мыйзамдын кайрадан каралып чыгышын өлкө башчыдан өтүнүп жатабыз. Аталган мыйзам иштеп баштаса ички дагы, сырткы дагы инвестицияга бөгөт коет",— деди Акматов.

Ал өлкө экономикасын көтөрүү үчүн тескерисинче ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш ушул жылдын 29-июль күнү "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоорун үч окуудан өткөрүп кабыл алган. Анын демилгечиси, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам өлкө экономикасынын төмөндөшүнүн алдын алыш үчүн иштелип чыккан.

10
Белгилер:
Сталбек Акматов, экономика, ишкерлик, мыйзам
Тема боюнча
Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив

Сайназаров: онлайн, офлайн окууну айкалыштырганга өтүү керек

59
(жаңыланган 18:18 02.08.2021)
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров мындан ары толугу менен салттуу билим берүүгө өтүү мүмкүн эместигин билдирди.

Коронавирус илдетинен адамзат арылып кетпешин биз түшүнүп турабыз. Андыктан мындан аркы жашообузду, анын ичинен билим берүүнү да ошого ылайыкташтырышыбыз абзел. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Сайназаров: онлайн, офлайн окууну айкалыштырганга өтүү керек

Анын айтымында, мындан ары жалаң гана онлайн окутуу же толугу менен офлайн билим берүүгө кайтып баруу деген түшүнүк болбойт.

"Бүткүл дүйнө жүзү боюнча эле онлайн окуудан анын сапаты түшүп кеткендиги айтылууда. Бул канчалык техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар өлкө болсо да аралыктан окутуу салттуу билим берүүнүн ордун баса албастыгынын белгиси. Бирок ошону менен катар эле айрым окуу багыттарын, тескерисинче, онлайн-форматта окуп-үйрөнүү ыңгайлуу болоруна күбө болдук. Андыктан бул эки системаны айкалыштырып иштөөгө өтүшүбүз керек. Мындай жол менен биз билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн гана кеңейткен болобуз. Андан чочулоонун кажети жок",— деди Сайназаров.

Ал өзгөчө Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдө аба ырайынан улам келип чыккан кыйынчылыктарда балдарды айкалышкан системада окутуу, алардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпаганга шарт түзөрүн кошумчалады.

59
Белгилер:
Кеңешбек Сайназаров, билим, онлайн
Тема боюнча
Сайназаров: билим берүүдө ата-энелер төлөгөн акчаны расмийлештириш керек
Москва метросунда полиция кызматкерлери. Архив

Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп

0
(жаңыланган 13:53 03.08.2021)
Буга чейин Россиянын Москва шаарында 180дей мигрант мушташкан. Бул боюнча жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандыктар болгон.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактардагы "кыргызстандыктарды РФте массалык түрдө текшерип жатышат" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

"Учурда Россиянын компетенттүү органдары "Кузьминки" метросунда болгон окуяга катыштыгы болушу мүмкүн делген чет элдиктерди издөөсүн улантууда. Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган", — дешти элчиликтен.

Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды текшерүү иштери дагы болуп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаранды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, жаран, текшерүү, элчилик
Тема боюнча
Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат
Кыргызстандыктар Москва — Казань жолун салып иштемекчи