Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аманбек кызы: йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болот

© Sputnik / Асель СыдыковаТренер по пилатесу и антигравити-йоге Айсалкын Аманбек кызы
Тренер по пилатесу и антигравити-йоге Айсалкын Аманбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Пилатес жана антигравити йога боюнча эл аралык даражадагы машыктыруучу Айсалкын Аманбек кызы йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болорун айтты.
Тукумсуздук, омуртка оорулары менен жабыркагандар жана балалуу боло албаган келиндер йога-пилатестин артыкчылыктарын колдоно башташты. Мындай маалыматты Айсалкын Аманбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аманбек кызы: йога-пилатес аркылуу коронавирустун алдын алса болот
Анын айтымында, йога ички булчуңдарды иштетип, аны чыңалдыра турган көнүгүүлөрдү камтыйт.
"Йога-пилатес менен алектенүүгө коронавирус менен ооруп айыккандан кийинки реабилитацияга көп адамдар келип жатышат. Анткени россиялык окумуштуулар коронавирусту инсульттан кийинки абалга окшоштурушууда. Себеби мээ жаракат алып, кээ бир мүчөлөр толук иштебей, жытты, даамды айырмалай албай калып жатышат. Буга байланыштуу нейрондук байланыштардын жардамы менен организмди калыбына келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасап, жыйынтыкка жетип жатабыз. COVID-19дан улам жакындарын жоготуп, стресске кабылган адамдар да бизге кайрылууда. Мындан тышкары, омуртка ооруларынан арылуу үчүн келип жатышат. Биз йога, пилатес, кинезиотерапия багыттарын бириктирип, өзүбүздүн автордук методикабызды иштеп чыкканбыз. Анда кан жүгүртүүгө эмес, лимфа системасына көбүрөөк көңүл бурулат. Анткени лимфа системасы жакшы иштесе көп оорулардын алдын алат. Алардын катарына коронавирусту кошсо болот. Тукумсуздук, омуртка оорулары менен жабыркагандар, балалуу боло албай жүргөндөр йога-пилатестин артыкчылыктарын колдоно башташты", — деди Аманбек кызы.
Ошондой эле адис йога-пилатестин жардамы менен ашыкча салмактан арылып, арыктоону каалагандар кайрыларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, пилатес — жаракаттан кийинки реабилитация үчүн физикалык көнүгүүлөрдүн системасы. Аны XX кылымдын башында германиялык спорт адиси Йозеф Пилатес негиздеген.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0