Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Усеналиев: "Алтын тамга" 11 жылдан бери өтүп келет

© Sputnik / Асель Сыдыкова Начальник управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Минобраз КР Марат Усеналиев
 Начальник управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Минобраз КР Марат Усеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев быйыл 511 бала "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болгонун айтты.
"Алтын тамга" 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет. Министрлик жыл сайын уюштуруп келе жаткан жалпы республикалык сынак окуучулардын мектептеги сабактарын канчалык деңгээлде жакшы өздөштүрүп жаткандыгын баалап, жыйынтыгы билим берүүнү жакшыртуу үчүн атайын сунуштамаларды иштеп чыгууга колдонулат. Бул тууралуу Марат Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Усеналиев: "Алтын тамга" 11 жылдан бери өтүп келет
Анын айтымында, мамлекеттик сынак 27-майдан баштап 12-июнга чейин өткөрүлгөн.
"Быйыл "Алтын тамга" артыкчылык сынагына 1 394 бала катышып, анын 511и аталган аттестатка татыктуу болушту. Азыркы кырдаалга байланыштуу биздин Улуттук тестирлөө борбору ар бир регионго барып, иш-чара өткөрүп келди. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация эне тил жана адабият, алгебра, Кыргызстандын тарыхы жана химия предмети боюнча өттү. Айрым окуучуларга 1-2 балл жетпей калып, апелляция болду. Кээси андан утуп чыкты. Бул жылы Бишкектин жана Ысык-Көлдүн бүтүрүүчүлөрү жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Баткен менен Лейлектин мыкты окуган окуучулары "Алтын тамгага" катышууга катталып, жыйынтыгында алар катышпай турган болушкан. Биз балдардын чек ара жаңжалынан чоң стресс алганын түшүнүү менен кабыл алып, артыкчылык аттестатын бүтүрүүчүлөргө автоматтык түрдө бердик", — деди Усеналиев.
Адис Кыргызстан боюнча 21-июнда 9-класстын күбөлүгү берилгенин, ал эми 24-июнда бүтүрүүчүлөргө аттестат таратыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0