Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник управления МЧС Ырыспек Жолдошбаев
Начальник управления МЧС Ырыспек Жолдошбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев аталган мекеменин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады.
ӨКМдин материалдык-техникалык базасы эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөн. Аны жакшыртуу боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Алсак, куткаруу иштери үчүн Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Бул тууралуу Ырыспек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жолдошбаев: куткаруу иштери үчүн үч тик учакка тапшырык берилди
Анын айтымында, учурда куткаруу иштери үчүн бир дагы тик учак жок.
"Өзгөчө кырдаалдардын саны күн санап өскөнүнөн улам ӨКМдин материалдык-техникалык базасындагы кемчиликтери билинүүдө. Техника эскирип, өз кызматын эбак өтөп бүткөнү эч кимге жашыруун эмес. Учурда материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Алсак, 85 бирдик атайын инженердик оор техника кабыл алынды. Ошондой эле куткаруу иштерин жүргүзүү, куткаруучуларды жерине ыкчам жеткирүү үчүн ӨКМдин карамагында бир дагы тик учак жок. Бул маселени чечүү максатында Коопсуздук кеңешине үч тик учакка заказ берилди. Ошондой эле ӨКМге караштуу авиациялык ишкана бар. Анын ишин кайрадан карап чыгып, донорлор аркылуу учак сатып алуу аракеттери көрүлүүдө", — деди Жолдошбаев.
Ал келечекте ӨКМге 80 өрт өчүрүүчү техниканын келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0