Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акылбеков: "Муниципалдык Эко Такси" кызматын түзүү каралууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовВице-мэр Бишкека по транспорту Русланбек Акылбеков
Вице-мэр Бишкека по транспорту Русланбек Акылбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Бишкек шаарынын транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков "Муниципалдык Эко Такси" түзүү менен шаар тургундарына кызмат көрсөтүлөрүн айтты.
Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен электр автобустарын жана электр унааларын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындай маалыматты Русланбек Акылбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Акылбеков: "Муниципалдык Эко Такси" кызматын түзүү каралууда
Анын айтымында, мэрия "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында пилоттук негизде алгач 100-200 таксини ишке киргизүүнү пландап жатат.
"Муниципалдык Эко Такси" кызматын түзүү боюнча мэрия демилге көтөрүп, шаар тургундарына кызмат көрсөтүүнү ниет кылууда. "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен электр автобустарын жана электр унааларын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул боюнча коомчулукка да түшүндүрүү иштери каралууда. Мындан тышкары, таксилердин баасын иликтеп чыкканбыз. Учурда 16 компания такси кызматын көрсөтүп жатат. Лицензияны Транспорт жана коммуникациялар министрлиги берет. Биз жергиликтүү бийлик катары жакшыртуу боюнча өзүбүздүн салымыбызды кошобуз деген ниеттебиз", — деди Сеитбеков.
Ошондой эле аткаминер өлкөдө жасалган электрдик жана электрдик-гибриддик жапыз автобустарды талапка жараша сатып алганга даяр экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0