Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Махмадиев: коронавирустан кийинки реабилитация абдан маанилүү

© Sputnik / Асель СыдыковаКандидат медицинских наук Акбарали Махмадиев
Кандидат медицинских наук Акбарали Махмадиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Акбарали Махмадиев коронавирус менен ооруган адам реабилитациядан өтүшү керектигин айтты.
Катуу ооруп, операция болгондон кийин жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан инсульт алгандар, түрдүү жаракаттардан улам ден соолугун калыбына келтирүү үчүн сөзсүз тиешелүү процедуралардан өтүшү керек. Мындай маалыматты Акбарали Махмадиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Махмадеев: коронавирустан кийинки реабилитация абдан маанилүү
Анын айтымында, курортология институтунун клиникалык базасында жыл сайын 13 миңдей адам дарыланып,  реабилитациядан өтөт.
"Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун ден соолукту чыңдоодо мүмкүнчүлүктөрү көп. Мыкты адистер иштегендиктен көп адамдар курорттун жардамы менен ооруларды алдын алышат. Дарылык касиети бар суулар менен ден соолукту бекемдеп алганын туура деп эсептейм. Пандемия учурунда институт четте калбай 1500дөй адамды дарылады. COVID-19дан кийин реабилитациядан өтүүнү сунуштайм. Институтта атайын пульмонология бөлүмүн ачып, физиотерапия ыкмалары жана адамдын өзүнүн биоэнергетикалык системасы рефлексотерапия менен дарылоо каралган. Ошондой эле спорттук машыгуулар, массаж, туура тамактануу жолу менен да ден соолукту бекемдөөгө басым жасалат. Катуу ооруп, операция болгондон кийин, жүрөк-кан тамыр ооруларынан инсульт алгандар жана түрдүү жаракаттардан улам ден соолугун калыбына келтирүү үчүн сөзсүз тиешелүү процедуралардан өтүү зарылчылыгы бар", — деди Махмадиев.
Ошондой эле дарыгер кайсы гана оору болбосун курч мезгилден өткөндөн кийин адам реабилитацияга муктаж экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0