Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аманбек кызы: йога-пилатестин көнүгүүлөрү арыктоого жардам берет

© Sputnik / Асель СыдыковаТренер по пилатесу и антигравити-йоге Айсалкын Аманбек кызы
Тренер по пилатесу и антигравити-йоге Айсалкын Аманбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Пилатес жана антигравити йога боюнча эл аралык даражадагы машыктыруучу Айсалкын Аманбек кызы йога-пилатес аркылуу тез убакытта арыктаса болорун айтты.
Йога адамдын гармоналдык жана эндокриндик системасынын иштешин жөнгө салып, нейрондук байланыш аркылуу көнүгүүлөр жасалат. Мындай маалыматты Айсалкын Аманбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аманбек кызы: йога-пилатестин көнүгүүлөрү арыктоого жардам берет
Анын айтымында, йога-пилатесте жарым жылда алына турчу натыйжаны 10 күндүк көнүгүүлөрдөн кийин алса болот.
"Албетте, йога-пилатестин жардамы менен арыктаса болот. Йозеф Пилатес адам 30 көнүгүүдөн кийин "жаңы денеге" ээ боло тургандыгын айткан. Менин багытым боюнча жарым жылда ала турган натыйжаны 10 күндүк көнүгүүлөрдөн кийин алып жатам. Биз үч айдын ичинде айтылган 30 көнүгүүнү аткарып бүтөбүз. Мында омуртка сөөккө басым жасалбайт, бирок ички булчуңдарды чыңап, иштетүүгө жардам берет. Ал эми ашыкча салмактан арылуу үчүн адамдын гармоналдык жана эндокриндик системасынын иштешин жөнгө салып, нейрондук байланыш аркылуу көнүгүүлөр жасалат. Жардам сурап келгендерди диетага отургузуп, сырткы булчуңдарга басым жасабай, ички булчуңдардын иштешине көмөкчү болобуз. Демек, 5-6 жол аркылуу бир көйгөйдү чечсе болот. Лимфа системасынын иштешин туура жолго сала алсак, ден соолугубуздагы көп көйгөйлөрдүн себебин аныктай алабыз", — деди Аманбек кызы.
Ошондой эле адис адамдын денесин гармондор жөнгө салгандыктан, кээде нерв системасындагы бир эле байламта функциясын аткарбай калса, ден соолукта маселе жараларын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0