Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаныбеков: ирригацияны жакшыртууга жылына 5 миллиард сом керек

© Sputnik / Эркин СадыковАйыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн эмнелерди жасоо керектигин айтып берди.
Сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн жер алдынан суу алуучу скважиналарды колдонуу зарыл. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жаныбеков: ирригацияны жакшыртууга жылына 5 миллиард сом керек
Анын айтымында, учурда скважиналарды баланска алуу үчүн инвентаризация жүргүзүлүүдө.
"Дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо үчүн ирригациялык фондду каржылап, оңдоо керек. Маселен, чарба аралык канал, суу топтогуч жана башкаларды жакшы абалда кармоо үчүн жылына беш миллиард сом каражат керектелет. Жок дегенде мунун 40-50 пайызын тапсак, ирригациялык системаны акырындан жакшыртууга мүмкүндүк түзүлөт. Буга утурлай, бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып кышкы мезгилде суу топтоо шарт. Ал үчүн суу сактоочу курулмаларды көбөйтүү зарыл. Маселен, Чүй облусундагы суу топтоочу курулмаларды долбоорлоого 100 миллион, ал эми курулушу үчүн жети миллиард сом талап кылынат. Учурда бул иштерге акча издөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, союз мезгилинен калган ыкманы -  жер алдынан суу алып колдонуу керек. Тилекке каршы, союздан калган скважиналар учурунда жергиликтүү бийликтин балансына өткөн эмес. Азыр аларды инвентаризация кылып, баланска алуу аракеттери көрүлүүдө. Ошондой эле сугат сууну үнөмдүү пайдаланууну колго алуу үчүн тамчылатуу ыкмасын, жаңы технологияларды колдонуу жолго салынат", — деди Жаныбеков.
Министр Чүй облусунда Ортоңку Чүй каналын куруу боюнча чечим кабыл алынганын кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Жаңылыктар түрмөгү
0