Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Арыкбаева: өлкөдө 4000ден ашуун дары чөп өсөт

© Sputnik / Табылды КадырбековНаучный сотрудник Ботанического сада им. Энвера Гареева Назира Арыкбаева
Научный сотрудник Ботанического сада им. Энвера Гареева Назира Арыкбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактын илимий кызматкери Назира Арыкбаева Кыргызстандын флорасы дарылык касиети бар өсүмдүктөргө бай келерин айтты.
Өлкөдө 4000ден ашуун дарылык касиети бар өсүмдүк болсо, анын 2000ден ашууну чөп өсүмдүктөрү болуп эсептелет. Булардын көпчүлүгү тоолордон гана табылса, айрымдары дыйканчылык аймактарда, ал тургай шаардагы көчө бойлорунан да кездештирүүгө болот. Бул тууралуу Назира Арыкбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Арыкбаева: өлкөдө 4000ден ашуун дары чөп өсөт
Анын айтымында, учурда калк арасында табигый өсүмдүктөр менен дарыланууга олуттуу көңүл бурула баштады.
"Кыргызстандын флорасы дарылык касиети бар өсүмдүктөргө бай келет. Мындан улам көчмөн кыргыз элинин улуттук фармацевтикалык билими болгон. Аны муундан-муунга мурас кылып калтырып келишкен. Чынында табигый чөптөрдөн алынган дарылар синтетикалык таблеткаларга караганда пайдалуу жана ден соолук үчүн коопсуз болот. Бирок аны туура тандоону, чогултууну, кургатууну, сактоону жана даярдоону кылдат өздөштүрүү зарыл. Айрым окшош чөптөрдү алмаштырып алып колдонгон учурда адамдын саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Ошол үчүн кургатылган дары чөптөрдү дарыканалардан гана сатып алуу керек. Кээ бир дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү шаар ичинен деле тапса болот. Тилекке каршы, алардан пайда жок, автомобиль газдарына, күйүүчү майга, чаңга чулганып, анан да ит, мышык тебелеп, тескерисинче, зыяндуу затка айланып калышы ыктымал", — деди Арыкбаева.
Ал ботаникалык бактын илимий кызматкерлери өлкөдө жок 70тен ашык дары чөптүн түрүн башка мамлекеттерден алып келип, илимий изилдөөлөр үчүн өстүрүп жатышканын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын аудиодон угуңуз:
Жаңылыктар түрмөгү
0