Көз карандысыз серепчи, юрист Айдар Мамбеткадыров

Мамбеткадыров: Ат-Башыга логистикалык борбор куруу долбоору ачыкталышы керек

40
Көз карандысыз серепчи, юрист Айдар Мамбеткадыров Ат-Башы районунда логистикалык борборду куруудан мурда жергиликтүү калк менен тыкыр иштешүү керектигин белгиледи.

Ат-Башыда логистикалык борборду куруу боюнча долбоор элге ачыкталып, маалыматтык өнөктүк сапаттуу жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мамбеткадыров: Ат-Башыга логистикалык борбор куруу долбоору ачыкталышы керек

Анын айтымында, Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушу саясий жана экономикалык жагынан каралышы керек.

"Ат-Башы районунда логистикалык борбор курулса, Нарын облусуна экономикалык жактан пайда болмок. Жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болуп, кандайдыр бир локомотив болот деген үмүт бар эле. Бирок буга чейинки бийлик жетиштүү деңгээлде маалыматтык өнөктүк жүргүзгөн эмес. Ал тургай жергиликтүү бийлик, ошол борборду кура турган инвестициялык топтун чоңу дагы толук маалымат бере албады. Мындан улам жергиликтүү калк каршы чыгып, долбоор токтотулган. Ошондуктан бул жолу долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук бекем сакталышы керек. Эмне курулат, ким курат, кандай иш жүргүзүлөт деген суроолорго так жооптор берилиши зарыл. Кадимки үгүт өнөктүгү жүргүзүлүп келгендей маалыматтык кампания жасалышы шарт. Жергиликтүү калктын ар бирине түшүнүктүү болгудай аракеттер көрүлүшү керек. Мындан тышкары, келишим юристтер тарабынан талданып, дыкат иш жүргүзүлүшү абзел. Кийин Кумтөрдөй болуп соттошуу иштерине чейин жетпегендей болуусу зарыл", — деди Мамбеткадыров.

Серепчи логистикалык борборду Ат-Башы районунун борборуна куруу пайдалуу боло турганын кошумчалады.

40
Белгилер:
Ат-Башы, экономика, инвестор, логистикалык борбор, долбоор, Айдар Мамбеткадыров
Тема боюнча
Жаныбеков: айыл чарбадагы артыкчылыктуу алты багыт белгиленди
Манастын уулу Семетей тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков

Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот

58
"Манастын уулу Семетей" тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков аталган кинонун режиссёрлору беш жылдан бери Семетейди театрларда коюп жүргөн Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык тарыхый тасмаларды тартып жүргөн Дархан Кожохан экенин айтты.

"Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар. Анын үчтөн бирин "Казак фильм" каржылап, массалык сценалардагы каармандарды костюм менен камсыздашат. Ал эми Россиянын Каро продакшн кинокомпаниясы тартуу аяктаган соң үн менен иштеп, 3D анимациясын жасап берет. Кыргызстандык ишкерлер президенттин тапшырмасы аркылуу долбоорго 300 миң доллар бөлүп жатат. Бул тууралуу Өмүрзак Төлөбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Төлөбеков: "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар болот

Анын айтымында, тасма орус, немис, англис, кытай жана түрк тилдерине которулат.

"2012-жылы кино тармагына "Президент жана бомж" тасмасы менен келдим. Бул лента чет мамлекеттерде көрсөтүлгөн. Ошол учурда Мар Байжиев баш болгон улуу устаттар "Манас" эпосун тартууну продюсер катары колго алсаңчы деген сунуш, ойлорун айтып келишти. Ар кандай эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп долбоорду баштадык. Ооба, "Манас" эпосуна кайрылгандан кооптонгон режиссёрлор көп болду. Биз да ошондон улам Семетейден баштап отурабыз. Себеби Манаста массалык сценалар, чабуул, басып алуулар арбын. Ал окуяны чагылдырыш үчүн өтө көп каражат керектелет. Семетейдин ар кандай варианттарын карап чыгып, пьесага токтолдум. Анда Семетейдин хан көтөрүлүшү менен аяктайт. Андан ары улантып, атасынын өчүн алып Семетейдин Коңурбайды өлтүрүп, кыргыз элине күнкорсуз бийлик орноткон учуру кошулду. Негизинен пьеса 40 жылдан бери кыргыз драма театрында коюлуп келген. "Манастын уулу Семетей" тасмасынын бюджети 1 миллион доллар деп эсептелди. Анын 300 миң долларын кыргыз тарап өнөктөш катары бөлүп жатат. Мен бул каражатты президенттен ишкерлер мага карызга эле берип турсун, фильм сатыкка чыкканда кайтарып берем деп сурагам. Өлкө башчысы бизнесмендерди чакырып сүйлөшүп, алар аталган акчаны бөлүп жатышат", — деди Төлөбеков.

Продюсер тасмада Семетей Ала-Тоого келип эл чогулуп дүңгүрөп аны хан көтөргөнү жана Коңурбай менен согушкан окуялары эң татаал эпизод болорун кошумчалады.

58
Белгилер:
Манас эпосу, Семетей, эпос, кино, Өмүрзак Төлөбеков
Тема боюнча
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Сүрөт
Кадр саясаты боюнча эксперт Самат Ашымов

Ашымов: жаңы мыйзам долбоору боюнча, мамлекеттик кызматка сынакты мекеме өзү өткөрөт

29
Кадр саясаты боюнча эксперт Самат Ашымов сунушталып жаткан "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоорунда аталган тармактын саясатын кайсы орган жүргүзөрү так көрсөтүлбөй калганын айтты.

Аталган мыйзам долбоорунда бир нече мүчүлүштүктөр бар. Алсак, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин саясатын ким жүргүзөрү так жазылган эмес. 1-берененин 7-пунктунда гана "ушул мыйзамды ишке ашырууда мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш, аны жүргүзүүнүн тартибин министрлер кабинети аныктайт" деп жазып коюшкан. Бирок бул жерде өкмөттөн көз карандысыз мекеме болушу керек эле. Бул тууралуу Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Ашымов: жаңы мыйзам долбоору боюнча, мамлекеттик кызматка сынакты мекеме өзү өткөрөт

Анын айтымында, белгиленген мыйзам долбоорунда президентке караштуу Кадр кызматы тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

"Эгемендүү өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагында жетишкендик болуп Кадр кызматынын түзүлгөндүгү эсептелет. Анткени бул мекеме аталган тармактарга ишке орношууда коррупцияны жоюуга чоң себепчи болуп келет. Бардык сынактар кадр кызматы аркылуу өтчү. Эми бул милдет ар бир ведомствонун өзүнө артылууда. Бул түз эле коррупцияга жол ачат да. Мындан сырткары, мамлекеттик же муниципалдык кызматка келген адам биринчи тепкичтен карьерасын башташы керек деп жазылган. Бул, албетте, туура, бирок экинчи жагынан алып карасак, мындай кадам менен жеке менчик же мамлекеттик эмес бюджеттик орундарда иштеп жаткан күчтүү кадрларды мамлекеттик кызматка тартууга оор болуп калууда. Ким эле бир жерде 10 жыл иштеп, жетекчилик кызматта отуруп анан мамлекеттик кызматка стажер болуп келүүнү кааласын. Мисалы, азыркы иштеп жаткан мыйзамда "өз кесиби боюнча жети жылдык эмгек стажы бар болсо, ошол кызмат ордуна тең мамлекеттик кызматка келсе болот" деп белгиленген", — деди Ашымов.

Ал ошондой эле ар бир орган өзү түзгөн мамлекеттик резервге сынак аркылуу өткөн соң, жумушка орношууда адилеттүүлүк болоруна да эч кандай кепилдиктер көрсөтүлбөгөндүгүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров тарабынан "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталган. Документ 22-июлдагы Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда бир топ башка мыйзам долбоорлору менен биргеликте кайрадан редакциялоого артка кайтарылган.

Подкасттын толук варианттын видеодон көрүңүз:

29
Белгилер:
мыйзам долбоору, кадрлар, саясат, Самат Ашымов
Тема боюнча
Иманалиев: президенттик башкаруу болсо эле парламентти талкалоо туура эмес
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

0
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео