Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн жетекчиси Арзымат Матмуратов

Матмуратов: Европа өлкөлөрүнө авиакаттамдар ачылышы мүмкүн

159
Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн жетекчиси Арзымат Матмуратов Европа өлкөлөрүнө авиакаттам ачуу каралып жаткандыгын айтты.

Европа өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз жакшы болгондуктан туристтерди тартууда бир топ мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мындай пикирин Арзымат Матмуратов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Матмуратов: Европа өлкөлөрүнө авиакаттамдар ачылышы мүмкүн

Анын айтымында, Европага аба каттамдарын ачуу убактысы азырынча тактала элек.

"Негизи туризмдин өнүгүшү үчүн авиацияга көңул буруу зарыл. Туристтерди тартууда негизги шарттар каралса абалыбыз жакшырат. Мисалы, транзиттик рейстерди ачууну карап чыксак болот. Бизге эң көп Москва, Стамбул жана Дубай шаарларынан учактар түз каттайт. Бирок бул жаатта да атаандаштык курч болгондуктан эл аралык каттамдардын санын көбөйтүү абзел. Алсак, Түштүк Кореяга түз каттам ачылса Азия өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны көбөйөт. Учурда Сеулга түз рейс жок. Алар менен учурда бардык тармак боюнча кызматташуу жүрүүдө. Демек, алаканы жакшыртып, мүмкүнчүлүктү колдонуу керек. Ошол эле учурда Европага да каттамдарды ачуу боюнча иштер каралууда. Биздин көп студенттер ал континентте билим алууда", — деди Матмуратов.

Ошондой эле адис өлкөдөгү туризмдин өнүгүшү үчүн авиация индустриясына чоң көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

159
Белгилер:
каттам, туризм, Авиация
Тема боюнча
Алматыдан Ысык-Көлгө түз авиакаттам ачылууда
Ветеринар-дарыгер Жаңылбүбү Маматова

Маматова: ветеринария малды дарылоо менен гана чектелбейт

53
Ветеринар-дарыгер Жаңылбүбү Маматова учурда Стамбул университетинин медицина илимдери институтунда тамак-аш гигиенасы жана технологиясы бөлүмүндө докторантурада билим алып жатканын айтты.

Башында ветеринария жөнүндө түшүнүгүм тар болчу. Малды дарылап, дарыгер катары иштейм деп элестеткем. Билим алып жатканда бара-бара мугалимдер биздин башка да мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экенин айтып беришти. Бул тууралуу Жаңылбүбү Маматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Маматова: ветеринария малды дарылоо менен гана чектелбейт

Анын айтымында, алгач туризм тармагында окуп баштап, кийин ветеринарияга кызыгуусу пайда болуп кесибин алмаштырган.

"Ветеринария малды дарылоодон баштап, айыл чарбаны өнүктүрүү, генетика, жаныбарлардан алынган тамак-аштын курамын изилдеп аныктаган чоң тармак. Жадагалса учактарды тамак-аш менен камсыздаган кейтеринг компаниялардын гигиенасын, алардын тамактарынын курамы, жасалышы, сактоо температурасын ветеринарлар аныктайт. Азыр космос, Марсты изилдеп, ал жакка адамдар учуп жатат. Алардын тамагын космостун шарттарына ылайыктуу жасоо технологиясын иштеген ветдарыгерлер да бар", — деди Маматова.

Ал учурда TUBITAK долбоорунун негизинде тамак-аш, сүт азыктарынан жуккан бактериялык ооруну тез арада аныктай турган тесттин үстүнөн иштеп жатканын кошумчалады.

53
Белгилер:
Жаңылбүбү Маматова, билим, кесип, ветеринария
Тема боюнча
Максүт уулу: эт, нан жана мөмө-жемиш үчүн өзүнчө тактай, бычак колдонгула
Бокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов

Кунасов: бокс боюнча калыстардын мектеби өнүгүү жолуна түштү

32
Бокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов бокс боюнча калыстардын мектеби коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өнүгүү жолуна түшө баштаганын айтты.

Учурда Эл аралык бокс ассоциациясынын версиясы боюнча, үч жылдыз категориясындагы эки калыс бар. Мындай маалыматты Иса Кунасов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маегинде билдирди.

Кунасов: бокс боюнча калыстардын мектеби өнүгүү жолуна түштү

Анын айтымында, калыстардын деңгээлин аныктоо үчүн атайын сынактарды тапшырып, эл аралык мелдештерге жолдомолор берилет. 

"Учурда Эл аралык бокс ассоциациясынын версиясы боюнча, үч жылдыз категориясындагы эки калыс бар. Алар – Мукаш Ырсалиев жана Жамиля Боркоева. Бул категориядагы калыстардын дүйнө чемпионаты менен Олимпиада оюндарында кызмат кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыркы мезгилде Ырсалиев олимп оюндарынан тышкары бардык мүмкүн болгон ири турнирлерде Кыргызстандын атынан калыстык милдетти аркалап келет. Биз аны Токио Олимпиадасына барат деп болжоп жатканбыз. Тилекке каршы, чакыруу бул жолу келген жок. Ал эми жаш калыстарды даярдоо боюнча абдан чоң иштер жасалып, калыс болууга кызыккандардын саны өсүүдө", — деди Кунасов.

Ошондой эле адис бокс боюнча калыстардын эмгеги бааланып колдоого алынса тез убакытта жылыш болорун кошумчалады.

32
Белгилер:
Иса Кунасов, олимпиада, калыс, бокс
Тема боюнча
Кыргызстанда кесипкөй бокс боюнча федерация түзүлдү
Барселонадагы көчөлөрдүн биринде илинип турган сүрөт. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар: COVID менен ооруган адамдардын интеллект деңгээли төмөндөйт

0
(жаңыланган 11:46 26.07.2021)
Улуу Британиялык окумуштуулар COVID-19га чалдыккан адамдын акылы кайтарылгыс деңгээлде төмөндөй турганын тастыкташты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Лондондогу Империялык колледждин жана Кембридж университетинин окумуштуулары COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптардын интеллект деңгээли олуттуу төмөндөгөнүн аныкташкан. Бул тууралуу эл аралык басылмаларга таянып Sputnik Казакстан жазды.

Алар 81 337 кишини катыштырып тажрыйба жүргүзүшкөн. Анын 12 689у COVID-19дун ар кандай формасы менен ооруган. Аң-сезимдин мүмкүнчүлүктөрүнүн аспектилерин өлчөө максатында тесттик тапшырма даярдалган. Натыйжада ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү, анын ичинде жеңил түрү менен сыркоологондор да вирус жукпагандарга караганда тапшырмаларды аткарууда кыйналышкан. Айрыкча, аргументтерди жана пландоо көндүмдөрүн талап кылган маселелерди чече алышкан эмес.

Мындан тышкары, узакка созулган COVID-19дун симптомдору катары "мээдеги башаламандык", ойду бир жерге топтой албагандык аталды.

Психиканын бузулушунун олуттуулугу бир жагынан оорунун күчтүүлүгүнө байланыштуу болгон. Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылышы керек болгон бейтаптарда эң чоң кыйынчылыктар аныкталган. Тагыраагы, алардын аң-сезиминин деңгээли жети пунктуга төмөндөгөн. Мындай көрүнүш инсультка кабылып, бир нерсени үйрөнүүгө жөндөмү жок болуп калгандарда да байкалган эмес.

Ошондой эле окумуштуулар таанып-билүү жөндөмүнүн төмөндөшү менен вирус жуккандан бери өткөн убакыттын ортосундагы байланыштын бар-жогун текшеришкен. Натыйжада эч кандай байланыш байкалбай, COVID-19 орду толгус кесепеттерге алып келет деген бүтүмгө келишкен.

Буга чейин Берлиндеги Charite университетинин клиникасынын биологдору SARS-CoV-2 адамдын мээсине жыт сезүүчү былжыр челиндеги нерв клеткалары аркылуу кирерин аныкташкан. Бул адамдагы баш оору, чарчоо жана "мээдеги башаламандык" сезими сыяктуу неврологиялык көйгөйлөргө алып келет.

0
Белгилер:
окумуштуулар, интеллект, илдет, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавируска каршы күнү-түнү эмдеген пунктулардын дареги
Коронавирус адамды бат карытат. Процессти кантип жайлатуу керек
Коронавирус дагы 12 кишинин өмүрүн алды. 26-июлдун статистикасы