Фольклорчу-этногрaф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов

Кайыпов: учурдагы төкмөлөрдүн өз ыргагы, табигый стили жок

144
Фольклорчу-этногрaф, жазуучу-публицист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов акындык доордун классикалык мезгилине салыштырып эмнелерди жоготконубузду айтып берди.

Учурдагы төкмөлөрдүн өз ыргагы жок болуп, даяр обон, ыргактарга түшүп кетишүүдө. Мындай пикирин Сулайман Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Кайыпов: учурдагы төкмөлөрдүн өз ыргагы, табигый стили жок

Анын айтымында, илгери ар бир акындын өз обону, стили болгон.

"Ысмайыл Борончиев, Калык Акиев, Барпы Алыкулов, Жеңижоктун (Өтө Көкө уулу) өз обону болгон. Аны атайын ырчы, обончуларга чыгартып колдонгон эмес. Ыргагы темпераментине, стилине, ал тургай кебетесине туура келе турган. Кийинки акындардан Ашыраалы Айталиевдин башын чайкап, бир бакырып анан унчукпай калып кайра ырдап баштаганы ага туура келет, жарашат, башкага анча төп келбейт. Бул жагынан алганда учурдагы төкмөлүк өнөрдө ушул нерселерди жоготуптурбуз. Даяр ыргактар менен ырдап, өз стилин таба албай келишет. Кээ бирлери казактын обонуна салып төгүп жатканы байкалууда. Негизи ар бир акындын өзүнүн табигый ыргагы, стили болуш керек. Себеби ал акындык өнөрдүн табиятын ачат. Мисалы, Идрис Айитбаев өзү ылдам сүйлөйт, ошого туура келген ритм тааптыр. Бирок ал обон өнүгүп өзүнүкү боло элек. Баян Акматов деген акын эпикалык чыгармаларды аткарат. Ошол жакка ыктап, айрым учурда кол ойнотуп күү чертип кетүүдө. Азыркы төкмөлөр Токтогулдай, Эсенамандай, Калыктай, Жеңижоктой өзүнүн обондорун, ыргактарын, ыкмаларын таап алса жакшы болмок. Бул жагынан кемчилик байкалууда", — деди Кайыпов.

Ошондой эле ал учурдун төкмөлөрү публицистикалык маанидеги ырларды жана кошокторду жакшы өнүктүрүп жатканын кошумчалады.

Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:

144
Белгилер:
айтыш, өнөр, акын, Сулайман Кайыпов
Тема боюнча
Кайыпов: Түркияда акындар эриндеринин ортосуна ийне коюп алып айтышат
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси, мурдагы айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев

Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди

18
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси, мурдагы айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев өлкөдө органикалык продукцияны өндүрүү популярдуу болуп бара жатканын айтты.

Буга чейин айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча чоң-чоң пландар түзүлүп, бирок каражаттын жетишсиздигинен кагаз жүзүндө калып калчу. Эми бул багытты алдыга сүрөө үчүн план түзүү эмес, майда, бирок маанилүү аракеттерди жасоо керектигин баарыбыз түшүндүк. Мындай пикирин Искендербек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Айдаралиев: чоң пландарды түзө бербей майда иштерди аткарууга мезгил келди

Анын айтымында, Кыргызстанда органикалык продукцияларды өндүрүүнү колго алуу үчүн дагы көп жумуштар жасалуусу керек.

"Дүйнө жүзү боюнча айыл чарба маанилүү тармак. Анын ичинде Кыргызстанда өзгөчө. Бирок биз буга чейин аталган багытты өнүктүрүү үчүн башынан аягына чейин улам жаңыртып план жазып, анан алар ишке ашпай эле кагаз жүзүндө кала берчү. Мына ушинтип убакыттан уттуруп отуруп ушул күнгө келдик. Эми мамлекеттик тиешелүү органдар, эл деле чоң план түзүү менен эмес, майда иштерди кечиктирбей жасоо менен заманбап дыйканчылыкты колго аларыбызды түшүндүк. Спорттогудай эле бул багытта да ар бир мамлекеттин өзүнүн артыкчылыктары жана чабал жерлери бар. Биздин өлкө дүйнөгө органикалык азык-түлүктөрү менен тааныла алат. Учурда биз уюштурган "органикалык аймак" долбоору ушул багытта иш алып барууда. Республика боюнча белгилүү бир жерлерди тандап алып, жергиликтүү тургундарды окутуулардан өткөрүп, ошол чөлкөмдү органикалык аймакка айландыруу аракеттерин көрүп жатабыз. Азырынча долбоор Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында ишке ашууда",— деди Айдаралиев.

Ал органикалык продукция өнүктүрүү менен киреше табуу дароо эле ишке ашпастыгын, убакытты талап кыларын кошумчалады.

18
Белгилер:
келечек, ишкерлик, аймак, органика, Искендербек Айдаралиев
Тема боюнча
Айдаралиев: органикалык продукция өндүргөндөр мамлекеттен колдоо табат
Кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу менен алектенген билим берүү борборунун башчысы Нурдин Шейшенов

Шейшенов: студенттерди үч жылга Германияда иштеп-окуп келүүгө жөнөтүүдөбүз

37
Кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу менен алектенген билим берүү борборунун башчысы Нурдин Шейшенов Германияга иштөө үчүн алгач ирет студенттерди 2012-жылы жөнөтүшкөнүн айтты.

2020-жыл март айынан баштап Германия Европа өлкөлөрүнөн башка да мамлекеттерге жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн ачты. Пандемиядан улам бул программа анча актуалдуу болгон жок. Азыр студенттерден тышкары диплому бар, немис тилин билген адистерти жумушка орноштуруудабыз. Бул тууралуу Нурдин Шейшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Шейшенов: студенттерди үч жылга Германияда иштеп-окуп келүүгө жөнөтүүдөбүз

Анын айтымында, кыргызстандыктардын Европа өлкөлөрүндөгү сезондук жумушка орношуусуна жардам берген борборлордун кызматы барган сайын суроо-талапка ээ болуп жатат.

"Биздин программа адамдарды башка мамлекетке жумушка орноштурган акы төлөнүүчү кызмат. Мурда 3000-4000 долларга документин даярдап, иштөөгө жөнөтүлсө, бара-бара студенттерге ылайыктап бааны төмөндөткөнгө аракет кылдык. Айрым балдар 500 долларга документин даярдап Германияга кете алышты. Ошондой эле биздин көрсөткөн кызматка барып иштеп биринчи айлыгын алгандан кийин төлөө мүмкүнчүлүгүн түздүк. Программа боюнча сентябрда студенттер немис тилин окуп башташат. Биздин Германияда 80ден ашык өнөктөшүбүз бар. Декабрда алар Кыргызстанга келип сүйлөшүү өткөрүп, документтерди даярдап баштайт. Майдын аягынан баштап студенттердин биринчи этабы кетет. Пандемияга байланыштуу биздин кызматка өзгөрүүлөр кирди. Азыр жайкы мезгилде гана эмес, бир жылдык практика, үч жылга чейин  иштеп-окуп билим алууга жиберүүдөбүз. Үч жылдык келишимде 80 пайызы практика, калганы теория түрүндө окутулат. Жыйынтыгында колледж деңгээлинде диплом алып, ал жакта иштеп калат. Аны менен бирге IT тармагында иштеп, окуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Студенттердин тил билүү деңгээлине жараша ар кайсы тармакка жумушка орношо алат. Алсак, тилди эң жакшы билгендер гастрономия, отель, соода үйлөрүндө иштешет. Ал эми заводдорго, айыл чарба, талаа иштерине тил билбей эле барса болот", — деди Шейшенов.

Ал аталган борбор жиберген адамдар ар кандай кырдаалда калса, маселен, жол эрежелерин билбей жатса же документтери жоголсо эмне кылып, кимге кайрылууну үйрөтүшөрүн кошумчалады.

37
Белгилер:
каникул, жумуш, Германия
Тема боюнча
Сулайманов: сыртта окуу үчүн мотивациялык кат, резюме мыкты болушу керек
Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова

Жыйынтык көрсөтө албай калдым. Токиодон Каныкей Кубанычбекова элге кайрылды

0
(жаңыланган 20:22 24.07.2021)
Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калды.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Олимпиада-2020 оюндарында Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова Токиодон мекендештерине кайрылды. Спортчу кыздын кайрылуусун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Өз сөзүндө бул кадам Олимп оюндары кийинки ийгиликтерине жол ачат деген ишенимин билдирди.

"Бүгүн алгачкы ирет Олимпиадалык мелдешке катыштым. Жакшы деңгээлде өттү. Мен тилекке каршы, буга чейин көрсөтүп келген жогорку жыйынтыгымды Олимпиада мелдешинде кайталай албай калдым. Ири жетишкендиктерди камсыздоого даярданган болчумун, эмнегедир жыйынтык көрсөтө албадым. Алгачкы Олимпиадамдан чоң тажрыйба алдым. Мен үчүн алдыдагы мелдештерге жаңы мотивация болду", — деген ал.

Мерген кыз ошондой эле Кыргызстандын элине кайрылып, ар тараптуу колдоолорду сезип турганын айтып, ыраазычылык билдириди.

Кубанычбекова 10 метр аралыктан пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча жарышка чыгып, финалдык этапка өтпөй калган.

0
Белгилер:
олимпиада, Токио, ок атуу, Каныкей Кубанычбекова
Тема боюнча
Кыргызстандык суучул Петрашов Олимпиадада 27-орунду ээледи