Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Керималиев: четтен асыл тукум малды алып келүүдө климатка ылайыктуусун тандоо зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамминистра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Жаныбек Керималиев
Замминистра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Жаныбек Керималиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Керималиев чет өлкөдөн асыл тукум малды алып келүүдө Кыргызстандын климатына ылайыктууларын тандашы зарылдыгын айтты.
Фермерлердин кээ бирлери толук маалыматы жок болгондуктан, малды алып келүүдө көп ката кетиришет. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Керималиев: четтен асыл тукум малды алып келүүдө климатка ылайыктуусун тандоо зарыл
Анын айтымында, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде сырттан алынып келген малды райондоштуруу багыты боюнча иштер жүрүүдө.
"Чет өлкөдөн асыл тукум мал алып келип, ишкерлик кылгандарга туура маалымат берүүгө аракеттер көрүлүүдө. Учурда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде климаттык шартына карап райондоштуруу аркылуу малды багуу боюнча багыттар каралган. Мисалы, Нарын облусунда дыйканчылык жакшы өнүкпөгөндүктөн, мал чарбачылыгына басым жасалып келет. Нарын аймагына көнүп, ыңгайлашып жашап кетүүчү уйлардын тукумдарын алып келүү боюнча сунуштарды айтып жатабыз. Алсак, абердин-ангус тоо шартына туура келген эт багытындагы уйлар. Ал эми Чүй облусунун климаттык шартына байланыштуу сүт-эт багытындагы породалардын тизмесин сунуштайбыз. Эгерде мал өстүрүүдө райондоштурууга жакшы көңүл бурулса, жыйынтыгы тез убакытта көрүнөт. Анткени фермерлер райондун шартына туура келбеген малды тандап алып, көп көйгөйлөргө дуушар болууда", — деди Керималиев.
Ошондой эле адис чарбалык малдын санын азайтып, асыл тукум малды көбөйтүү менен жайыт көйгөйү чечилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0