Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сманбаева: пенсия курагындагы баатыр энелерге кошумча 1000 сом берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековОтветственный секретарь Комиссии по государственным наградам при президенте КР Жылдыз Сманбаева
Ответственный секретарь Комиссии по государственным наградам при президенте КР Жылдыз Сманбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева Баатыр эне сыйлыгы жети баланы төрөп же багып алган болсо дагы берилерин айтты.
1944-жылы экинчи дүйнөлүк согуш малында СССР көп адамдарын жоготуп, демографиялык маселе жаралган. Ошондон улам Баатыр эне ордени негизделип, көп балалуу аялдарга ар кандай жеңилдиктер көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Жылдыз Сманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Сманбаева: пенсия курагындагы Баатыр энелерге кошумча 1000 сом берилет
Анын айтымында, Баатыр эне сыйлыгын алуу үчүн керектүү документтер 1-февралга чейин берилиши керек.
"СССР убагында он жана андан көп баланы төрөп, тарбиялаган энелер Баатыр эне ордени менен сыйланышкан. Ошону менен бирге көп балалуу энелерге үчүнчү даражадагы Эне даңкы ордени, экинчи даражадагы Эне медалы берилген. Жалпысынан энелерге арналган алты мамлекеттик сыйлык болгон. 1991-жылдан баштап 1997-жылга алар мамлекеттик сыйлыкты алышкан эмес. 1996-жылы КРдин жалпы мамлекеттик сыйлыктары негизделип, ошонун ичине Баатыр эне ордени, Эне даңкы медалы киргизилген. Жобо боюнча орден менен он же андан көп балалуу, аларга татыктуу тарбия берген энелер сыйланган. 2011-жылдан баштап бул сан кыскартылып жети балалуу энелер Баатыр эне статусуна ээ боло баштады. Азыр жети баласынын бири сот жообуна тартылган жана баласы каза болуп калган энелер орден менен сыйлана алышпайт. Ал эми сот жообуна тартылган баласынын соттуулугу жоюлган болсо сыйлык ыйгарыла берет. Азыртадан баштап документ чогулта башташ керек. Ал үчүн №2 формадагы сыйлоо баракчасы өздүк документтердин негизинде туура, так, катасыз толтурулушу шарт. Ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү керек. Энесинен өзүнчө түтүн булаткан балдардын ар биринин жашаган жериндеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалым каты же болбосо иштеген жерлеринен тастыктаган документ зарыл. Аскер кызматын өтөп жүргөн уулдары болсо, ал тууралуу тастыктаган маалым кат керектелет", — деди Сманбаева.
Адис пенсия курагындагы баатыр энелерге социалдык фонд тарабынан берилген пенсиясына ай сайын 1000 сом кошумча жөлөкпул катары кошуларын айтты.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Жаңылыктар түрмөгү
0