Мурдагы айыл чарба министри, легендарлуу парламенттин депутаты, аталган тармактагы эксперт Карыпбек Асанов

Асанов: айдоо жерди ижарага бергендер анын деградация болушуна себепчи

25
Мурдагы айыл чарба министри, легендарлуу парламенттин депутаты, аталган тармактагы эксперт Карыпбек Асанов айыл чарбаны жакшыртууга тоскоол болгон жагдайларды санап берди.

Союз учурунда жер которуштуруп айдоо тажрыйбасы колдонула турган. Жерлерди жеке менчикке бергенден баштап бул ыкма колдонулбай, айдоо жерлерге жырткычтык менен мамиле жасалууда. Бул тууралуу Карыпбек Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Асанов: айдоо жерди ижарага бергендер анын деградация болушуна себепчи

Анын айтымында, жер ээлери айдоо аянтын ижарага бергени өз залакасын тийгизип жатат.

"Эгемендүүлүк алган соң дыйкандарга үлүшүнө жараша жер тийди. Алар ошол айдоо жерден быйыл түшүм алайын дегендей аракет кылышууда. Кийинки жылдарды ойлонгондор саналуу. Натыйжада союз убагындагыдай жерди которуп айдоо ыкмасы колдонулбай калды. Жеке менчик деген ушундай экен, жаман болсо дагы өзүмдүн жерим карамагымда турсун деп кооперацияга биригүүнү каалашпайт. Муну ишке ашыруу үчүн экономикалык ыкмаларды колдонуу зарыл. Мисалы, союз тараган мезгилде колхоздор тарабай туруп алышкан. Ошондо дыйкандарга насыяны пайыз жок берип, ал эми колхоздорго 400 пайыз үстөк коюшкан. Натыйжада колхоздор айла жок чачырап кетишкен. Бул эми күч колдонуу, азыр ага жеткирбей стимулдаштыруу зарыл. Учурда жердин наркы көтөрүлдү. Маселен, Чүй боорундагы жер ээлери бир гектар жерди ижарага 25-50 миң сомдон берип, мамлекетке салык, соцфондго 600 сом төгөт. Натыйжада ал өзүн финансылык жактан камсыздайт, ал эми айдоо жерди ижарага алган дыйкан ошол жылы эң жогорку пайда табууну көздөйт. Натыйжада жердин сапаты начарлап, деградацияга учуроодо. Мунун баары айыл чарбасын талкалоого өбөлгө түзүп жатат", — деди Асанов.

Ал мамлекеттик резервде үч айлык азык-түлүк запасы сакталып, бааны жөнгө салууга колдонсо боло турганын кошумчалады.

Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:

25
Белгилер:
айыл чарба, дыйкан, кооперация, Карыпбек Асанов
Тема боюнча
Асанов: айыл чарба көйгөйүн чечүү үчүн жетекчиликте туруктуулук болушу абзел
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев. Архив

Жумалиев: мамлекет дыйкандардан бир нече миң тонна буудайды 30 сомдон сатып алат

30
(жаңыланган 13:53 05.08.2021)
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында быйыл дыйкандардан 20 тоннадай буудай сатып алынарын билдирди.

Мамлекеттик азык-түлүк кампасына дыйкандардан 20 тоннадай буудай сатып алынат. Алгачкы коюлган баасы 24 сом 80 тыйын болчу. Биз Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигине бааны 30 сомго чыгарып берүү боюнча кайрылдык. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумалиев: мамлекет дыйкандардан бир нече миң тонна буудайды 30 сомдон сатып алат

Анын айтымында, быйыл күздүк айдоодо буудайды 50 миң гектардай көбүрөк себүү пландалган.

"Советтер Союзу учурунда эле кылкандуу дан эгиндердин жаздыкка караганда күздүгү көбүрөк себилчү. Биз кайрадан ушул схемага өтүшүбүз керек. Анткени күздө себилген дан суукка, шамалга туруктуу келип, түшүмдү да 20-30 пайызга көп берет. Бирок бул жерде себилчү үрөндүн сапаты маанилүү. Андыктан биз учурда Казакстан менен 500 тонна атайын багыттагы үрөн алуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Ошондой эле Өзбекстандан да 1000 тонна үрөн алуу келишими президенттин сапарында жетишилген болчу. Өзбек тарап 50 пайызын насыяга берип, түшүм жыйналганда алууга макул болгон. Мындан сырткары, Россиядан да 2000 тонна тандалган сорттогу буудайды алууга макулдашып жатабыз. Россия өкмөтүнө үрөндүн 70 пайызын түшүмдүн эсебинен берүү сунушталууда", — деди Жумалиев.

Ал министрлер кабинетинен кылкандуу дан эгиндери жана май чыгаруучу өсүмдүктөрдүн үрөнүн алууга акча каражаты каралып жатканын кошумчалады.

30
Белгилер:
Жигитали Жумалиев, Буудай, насыя
Тема боюнча
Жумалиев: дыйкан, фермерлерди камсыздандыруу пландалууда
Полковник, башкы күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын орун басары Эркин Касымов

Касымов: кыргыз танкисттери 23 өлкө катышкан мелдешке барат

36
Полковник, башкы күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын орун басары Эркин Касымов кыргыз аскерлери "Танк биатлону — 2021" эл аралык таймашына январь айынан бери даярдык көрүп жаткандыктарын айтты.

Танкисттерди тандоо үч этапта жүрөт. Биринчи кезекте ар бир аскер бөлүгүндө командирлер мыкты танкисттердин тизмесин күжүрмөн даярдоо башкармалыгына жөнөтөт. Экинчи этапта алардын техниканы башкара билүүсү, дене тарбиялык даярдыгы, жалпы жөндөмү текшерилет. Сыноодон соң мыктылары калып, акыркы баскычта Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" окуу борборунун базасында мелдешке даярдык башталат. Бул тууралуу Эркин Касымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Касымов: кыргыз танкисттери 23 өлкө катышкан мелдешке барат

Анын айтымында, кыргыз танкисттери конкурстун талаптарына ылайык, үч ай танк биатлонуна даярдык көрүшөт.

"2013-жылы Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскер кызматкерлеринин арасында танк биатлону эл аралык мелдешин уюштурууну сунуштаган. Бул сунуш колдоо таап, биринчи жылдары Россия, Беларусь, Армения жана Казакстандан танкисттер катышкан. Иш-чарага улам кызыгуу күчөп, 2014-жылы конкурска 12 өлкөнүн командасы, анын ичинен чоң мамлекеттерден Индия менен Кытай кошулду. 2016-жылы Иран келди. Кытай дароо өздөрү чыгарган танкалар менен таймашка чыкты. Бул жерде бир гана танкисттер эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн техниканы иштеп чыккан инженер, конструкторлорунун да мелдеши болуп, алар техникаларын сынашат. Бул аркылуу алар башка мамлекеттерге жарнамалап алат. 2017-жылы 20 мамлекеттин командасы ат салышты. Ал эми 2018-жылы таймашчулардын катарына Сирия, Вьетнам, Мьянма кирди. Ошентип учурда 23 мамлекеттин танкисттери катышып, аскердик олимпиадага окшоп калды. Биздин аскер кызматкерлери бул мелдештерге чейин эле пландык машыгууларды жүргүзүп турчу. Танк биатлонуна биздин куралдуу күчтөрдүн танкисттери 2014-жылдан бери катышат. Команда алдыңкы орундарды ала албаса дагы татыктуу 5-6-орунду камсыздап, биринчи ондукка кирип келет", – деди Касымов.

Полковник "Танк биатлону — 2021" Россиядагы армия оюндарынын эл аралык таймашынын алкагында 24-августтан 4-сентябрга чейин өтөрүн кошумчалады.

36
Белгилер:
танк биатлону, мелдеш, Аскер, Эркин Касымов
Тема боюнча
Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону" эл аралык мелдешине даярданууда. Сүрөт
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу күмүш алганына карабай дүйнөлүк рейтингде биринчиликтен түшкөн жок

0
Кыргызстандык спортчуну Олимпиаданын финалында жеңип алган атаандашы, япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү.

БИШКЕК, 5-август. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.

Жаңы рейтинг Токио Олимпиадасындагы мелдештер жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Мында Тыныбекова күмүш медалга ээ болгон. Бирок ага карабай 78 упай менен лидерликтен түшкөн жок.

Ал эми финалда жеңишке жеткен атаандашы япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү. Анын чогулткан упайы 68 экени көрсөтүлгөн.

Үчүнчү орунда 44 упай менен украиналык Ирина Коляденко турат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнүн 62 килограмм салмак категориясында 2019-жылы дүйнө чемпиону болгондон кийин UWW рейтингинде биринчи сапка чыккан. Ошондон бери лидерликти бербей келе жатат.

0
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, рейтинг, дүйнө, күрөш
Тема боюнча
Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү
Оморов: Кыргызстанда аялдар күрөшүнүн өнүгүшүнө Айсулуу Тыныбекова жол ачты
Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт
Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты