Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Григгс: комуз менен дастанды сүйүп калдым

© Sputnik / Асель СыдыковаБүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин салттык музыка жана фольклор кафедрасынын дастан классынын студенти Самуэль Григгс
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин салттык музыка жана фольклор кафедрасынын дастан классынын студенти Самуэль Григгс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин салттык музыка жана фольклор кафедрасынын дастан классынын студенти Самуэль Григгс Кыргызстанга келгенине 1,5 жыл болгонун айтты.
Англиянын батышындагы Глостер шаарынан келген Самуэль Григгс Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып кичинесинен тарта музыка жана чет тилдерге кызыгарын айтып берди.
Григгс: комуз менен дастанды сүйүп калдым
Ал немец, француз, испан, фарс, кыргыз, кытай тилдерин өздөштүргөн.
"Чынымды айтсам, Кыргызстанга келем деп ойлогон эмесмин. Маңдайыма жазылган окшойт. Англияда жүргөнүмдө Кыргызстан тууралуу эч нерсе билчү эмесмин. Буга чейин Кытайда окуган элем, кыргыз группалаштарым көп болчу. Ошол жерден Кыргыз мамлекети тууралуу кененирээк билдим. Группалаштарым менен Бишкек, Ысык-Көлгө да келип кеттим. Пандемия жаңы башталганда Пекинде элем. Ошол учурда кыргыз тилинин тарыхы, маданияты тууралуу изилдеп жаткам. Апам менен сүйлөшүп Кыргызстанга келүүнү чечтим. Алгач апам Кыргызстандын "стан" деген мүчөсүн укканда "барбай эле койсоңчу, ал жакта согуш, тынч эмес өлкө" деп ыйлап жиберди. Себеби маалыматы жок болгондуктан Афганистанга окшоштуруп алды окшойт. Анан мен апама Кыргызстан коопсуз, тынч өлкө экенин айтып бердим. Кытайда жүргөн кезде кыргыздардын салттуу музыкасы жөнүндө да көп уккам. Бул жакка келип эле комуз үйрөнүүнү чечтим. Ошентип искусство университетинен Самат (Көчөрбаев — ред.) агайды жолуктурдум. Чындап эле комузду, дастанды сүйүп калдым. Азыр дастан классынын биринчи курсун аяктадым", — деди Григгс.
Ал учурда кыргыз тили боюнча курска барып, тилди дагы да тереңирээк билүү үчүн Мукай Элебаевдин "Узак жол", Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде жазылган "Бугу эне" жомогун окуганын айтып, ал эми кыргыз тилин өздөштүрөм дегендерге дастан үйрөнүүнү сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0