Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дүйшөнбекова: беш дарыканада бекер дары-дармек текчелери уюштурулду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Аптечка добра" долбоорунун катышуучусу Суупери Дүйшөнбекова
Аптечка добра долбоорунун катышуучусу Суупери Дүйшөнбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
"Аптечка добра" долбоорунун катышуучусу Суупери Дүйшөнбекова борбор калаадагы беш борбордук дарыканада бекер дары-дармек текчелери уюштурулганын айтты.
Долбоордун демилгечилери Жаштар парламентинин катышуучулары жана Жарандык идеялар фонду болуп саналат. Акцияда жардамга муктаж адамдарга препараттар дарыгердин көрсөтмөсү жок эле берилет. Текчелерге турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине киргизилген препараттар коюлду. Бул тууралуу Суупери Дүйшөнбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Дүйшөнбекова: беш дарыканада бекер дары-дармек текчелери уюштурулду
Анын айтымында, аталган долбоор мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон адамдарга жана пенсионерлерге жардам берүү максатын көздөйт.
"Жарандык идеялар фонду 2011-жылы негизделген. Буга чейин фонд Американын элчилиги тарабынан каржыланган. 2016-жылдан бери Жаштар парламенти жана Жарандык идеялар фонду өзүн-өзү каржылоого өттү. Ар бир жылы фонд конкурстук негизде эки этап менен 18 жаштан 35 жашка чейинки адамдарды кабыл алат. Бул жылы Жаштар парламентинин жетинчи чакырылышынын депутаттары "Аптечка добра" долбоорун ишке ашырып жатышат. Текчелерде дарыгердин рецеби жок бериле турган парацетамол, ибупрофен, аспирин өңдүү 400 аталыштагы дары коюлган. Оорунун баштапкы симптомдорун басуучу медикаменттер сөзсүз түрдө ошол дарыканалардагы фармацевттердин көзөмөлүндө берилет. "Аптечка добра" Байтик баатыр, 96 (Горький көчөсү менен кесилишет), Чүй проспекти, 273, Абдрахманов, 129, Ахунбаев, 67 жана Москва, 154 (Исанов көчөсү менен кесилишет) дарегиндеги дарыканаларда коюлган", — деди Дүйшөнбекова.
Ал мындай дары-дармек боюнча бекер жардам текчелери Нарын, Талас жергелеринде дагы уюштуруларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0