Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Надырбеков: сентябрда республикалык "Мектеп лигасы" долбоору башталат

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаместитель руководителя Агентства по делам молодежи, физической культуре и спорту Союзбек Надырбеков
Заместитель руководителя Агентства по делам молодежи, физической культуре и спорту Союзбек Надырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Союзбек Надырбеков республикалык масштабда окуучулар арасында "Мектеп лигасы" долбоору башталарын айтты.
Долбоор балдар жана өспүрүмдөр спортун мындан ары өнүктүрүү, дене тарбия жана сергек жашоо образын жайылтуу, коомду массалык спортко кызыктыруу максатында ишке ашууда. Мындай билдирүүнү Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Надырбеков: сентябрда республикалык "Мектеп лигасы" долбоору башталат
Анын айтымында, мектеп окуучулары командалык спорттун футбол, волейбол жана баскетбол түрлөрү боюнча күч сынашат.
"Өлкө башчысы жаштар саясаты, массалык спортту өнүктүрүү боюнча министрликке жана Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине тапшырмаларды берген. Анын негизинде стратегиялык багытта көп долбоорлор башталды. Алардын бири өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү, дене тарбия жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында "Мектеп лигасы" долбоорун ишке ашыруу жана коомдун массалык спортко көңүлүн буруу. Үй-бүлөдөгү тарбия абдан маанилүү, бирок өспүрүмдөр арасында чөйрөнүн да таасири абдан чоң. Андыктан спорт аркылуу жаштарды ынтымактуу, бири-бирине күйүмдүү, жоопкерчиликтүү болууга тарбияласак болот. Учурда бул долбоордун күнгөй-тескейи каралып, атайын жумушчу топ кылдат иштеп чыкты. Мектеп окуучулары командалык спорттун футбол, волейбол жана баскетбол түрлөрү боюнча күч сынашат. Масштабы чоң болгондуктан кийин жекелик спорттун түрлөрү да кошулат", — деди Надырбеков.
Ошондой эле жетекчи маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында долбоордун веб-сайты жана мобилдик колдонмосу иштелип чыгарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0