Helvetas Kyrgyzstan фондунун долбоор боюнча адиси Абдырахман Сулайманов

Сулайманов: сыртта окуу үчүн мотивациялык кат, резюме мыкты болушу керек

81
Helvetas Kyrgyzstan фондунун долбоор боюнча адиси Абдырахман Сулайманов чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн туура түзүлгөн резюме да артыкчылыкка ээ экендигин айтты.

ЖОЖго тапшыруунун негизги талаптары англис тилин жогорку деңгээлде билүү, академиялык жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлүгү болуп саналат. Мындай пикирин Абдырахман Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сулайманов: сыртта окуу үчүн мотивациялык кат, резюме мыкты болушу керек

Анын айтымында, стипендиялык программаларга тапшырууда туура түзүлгөн мотивациялык кат, резюме, мүнөздөмө абдан маанилүү.

"Ар бир өнүккөн өлкөнүн чет өлкөлүк жарандар үчүн мамлекет тарабынан каржыланган атайын стипендиялык программалары болот. Алсак, АКШнын Fulbright, Германиянын DAAD, Япониянын MEXT, Улуу Британиянын Chevening, Түркиянын Turkiye Burslari программаларында бакалавр, магистратура даражалары боюнча кыргызстандыктар билим алып келишет. Бул ар бир окуучунун изденүүсүнө байланыштуу болот. Чет өлкөдө окуу үчүн алардын талаптарын толук кандуу аткаруу зарыл. Мисалы, англис тилин мыкты деңгээлде билүү, академиялык жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлүгү каралат. Мындан тышкары, мотивациялык кат, резюме толтурганда да көп нюанстарга көңул бурулушу кажет. Эгерде студент магистратурага тапшырууну кааласа, 2-3-курстан баштап чет тил курстарынан окугандыгын тастыктаган сертификаттарды алып, багыты, өлкөсү, программалар тууралуу толук маалыматка ээ болуу менен жоопкерчиликтүү түрдө даярдануусу окууга тапшырууга өбөлгө түзөт", — деди Сулайманов.

Ошондой эле адис элет жерлеринде чет өлкөгө акысыз программаларга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин билбеген мугалим, окуучулар көп экендигин кошумчалады.

81
Белгилер:
билим берүү, ЖОЖ, стипендия
Тема боюнча
Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат
Ветеринар-дарыгер Жаңылбүбү Маматова

Маматова: ветеринария малды дарылоо менен гана чектелбейт

45
Ветеринар-дарыгер Жаңылбүбү Маматова учурда Стамбул университетинин медицина илимдери институтунда тамак-аш гигиенасы жана технологиясы бөлүмүндө докторантурада билим алып жатканын айтты.

Башында ветеринария жөнүндө түшүнүгүм тар болчу. Малды дарылап, дарыгер катары иштейм деп элестеткем. Билим алып жатканда бара-бара мугалимдер биздин башка да мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экенин айтып беришти. Бул тууралуу Жаңылбүбү Маматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Маматова: ветеринария малды дарылоо менен гана чектелбейт

Анын айтымында, алгач туризм тармагында окуп баштап, кийин ветеринарияга кызыгуусу пайда болуп кесибин алмаштырган.

"Ветеринария малды дарылоодон баштап, айыл чарбаны өнүктүрүү, генетика, жаныбарлардан алынган тамак-аштын курамын изилдеп аныктаган чоң тармак. Жадагалса учактарды тамак-аш менен камсыздаган кейтеринг компаниялардын гигиенасын, алардын тамактарынын курамы, жасалышы, сактоо температурасын ветеринарлар аныктайт. Азыр космос, Марсты изилдеп, ал жакка адамдар учуп жатат. Алардын тамагын космостун шарттарына ылайыктуу жасоо технологиясын иштеген ветдарыгерлер да бар", — деди Маматова.

Ал учурда TUBITAK долбоорунун негизинде тамак-аш, сүт азыктарынан жуккан бактериялык ооруну тез арада аныктай турган тесттин үстүнөн иштеп жатканын кошумчалады.

45
Белгилер:
Жаңылбүбү Маматова, билим, кесип, ветеринария
Тема боюнча
Максүт уулу: эт, нан жана мөмө-жемиш үчүн өзүнчө тактай, бычак колдонгула
Бокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов

Кунасов: бокс боюнча калыстардын мектеби өнүгүү жолуна түштү

29
Бокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов бокс боюнча калыстардын мектеби коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өнүгүү жолуна түшө баштаганын айтты.

Учурда Эл аралык бокс ассоциациясынын версиясы боюнча, үч жылдыз категориясындагы эки калыс бар. Мындай маалыматты Иса Кунасов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маегинде билдирди.

Кунасов: бокс боюнча калыстардын мектеби өнүгүү жолуна түштү

Анын айтымында, калыстардын деңгээлин аныктоо үчүн атайын сынактарды тапшырып, эл аралык мелдештерге жолдомолор берилет. 

"Учурда Эл аралык бокс ассоциациясынын версиясы боюнча, үч жылдыз категориясындагы эки калыс бар. Алар – Мукаш Ырсалиев жана Жамиля Боркоева. Бул категориядагы калыстардын дүйнө чемпионаты менен Олимпиада оюндарында кызмат кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыркы мезгилде Ырсалиев олимп оюндарынан тышкары бардык мүмкүн болгон ири турнирлерде Кыргызстандын атынан калыстык милдетти аркалап келет. Биз аны Токио Олимпиадасына барат деп болжоп жатканбыз. Тилекке каршы, чакыруу бул жолу келген жок. Ал эми жаш калыстарды даярдоо боюнча абдан чоң иштер жасалып, калыс болууга кызыккандардын саны өсүүдө", — деди Кунасов.

Ошондой эле адис бокс боюнча калыстардын эмгеги бааланып колдоого алынса тез убакытта жылыш болорун кошумчалады.

29
Белгилер:
Иса Кунасов, олимпиада, калыс, бокс
Тема боюнча
Кыргызстанда кесипкөй бокс боюнча федерация түзүлдү
Киши жолду өтүп бара жатат. Архив

Жол кырсыгына жөө жүргөндөр да себепкер. Эмнелерди эске алуу керек

0
Милиция элдин аң-сезиминде жол кырсыктарына айдоочулар гана күнөөлүү деген ой калыптанып калганын, бирок жөө жүргөндөр да бир катар эрежелерге көңүл кош карап жатканын айтты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы акыркы алты айда катталган жол кырсыктарынын 53 пайызында жөө жүрүүчүлөрдүн күнөөсү бар экени маалым болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады. 

"Көпчүлүгүбүздүн аӊ-сезимибизге "жол кырсыктарына айдоочулар гана күнөөлүү, алар жооптуу" деген ой сиӊип калган. Бирок статистикада андай эмес экен", — дешти ОШ ШИИББден.   

Тагыраагы, жарым жылдагы 280 жол кырсыгынын 150сүндө жөө кишилер катышкан жана алар бир катар эрежелерге көңүл бурбай жатканы айтылат. Атап айтканда:  

  • жолдо жүрүүнүн эрежелерин билишпейт же сакташпайт; 
  • атайын жөө жүргөндөр үчүн белгиленген жайлардан өтүшпөйт; 
  • жаш балдарын жалгыз жолдун аркы өйүзүндөгү дүкөндөргө жумшашат;   
  • жолдо өтүп бара жатышып кулакчын тагып алышат же телефон кармалашат. Кээде катуу ойлонуп же башка нерсеге алаксышат; 
  • мас болуп жолго чыгып алышат;   
  • тротуар менен эмес, жол бойлоп басышат; 
  • жолдон жүгүрүп же велосипед айдап өтүшөт. 

Ош шаардык милициясы жөө жүргөндөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында атайын рейд уюштуруп жатканы кошумчаланды.  

Маселен, өткөн жумадагы рейдде Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жол эрежесин бузгандарга карата 1 288 протокол түзүлгөн. Анын ичинен алты айдоочу мас болуп кармалып, 75 автоунаа айып короого киргизилди. Ошондой эле 34 айдоочунун документи жок унаа айдап жүргөнү аныкталды. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бардык жөө жүргөн кишилерди калаа аймагында атайын белгиси бар жерлерден гана өтүүнү, жол эрежесине так, өздөрүнө сак болууга чакырды.

0
Белгилер:
эреже, жол кырсык, жөө жүрүш, милиция, Ош
Тема боюнча
Министр: автоинспекторлор үч смен менен иштейт
Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо чараларын күчөтүүнү тапшырды