Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Максүт уулу: эт, нан жана мөмө-жемиш үчүн өзүнчө тактай, бычак колдонгула

© Sputnik / Асель СыдыковаМедицина илимдеринин кандидаты, КММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу адамдын ичинде организмге керектүү өзүнүн митеси болорун, ал эми сырттан кирген мителер оору чакырарын айтты.
Эхинококктун личинкасы ооз аркылуу кирип чоң күрөө тамыр аркылуу боорго келип түшөт. Бул учурда мите ар бир организмде ар түрдө өрчүйт. Кээ бир адамдардын иммунитети жакшы болгондуктан личинка чоңойбой, ошол жерде катып калат. Бул тууралуу Эрлан Максүт уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Максүт уулу: эт, нан жана мөмө-жемиш үчүн өзүнчө тактай, бычак колдонгула
Анын айтымында, эхинококкоз, альвоекоккоз ооруларын иммуноферменттик жана Кацони реакциясы анализи менен бат эле аныктаса болот.
"Шиш кебек, ышталган балык, суши жегенде эхинококкоз менен ооруп калуу мүмкүн эмес. Себеби этте мите болсо ысык отко какталганда ал өлөт. Үйдө мал сойгондо боорду карап мите бар-жогун аныктаса болот. Эгер боорду кескенде ак түстөгү катып калган кальцинат сыяктуу нерсе болсо, анда мите бар. Дароо андай боорду өрттөп жок кылыш керек. Негизи мал сойгон адамдар деле бул нерсени жакшы билип калышты. Ар бир адамдын ичинде организмге керектүү бактериялык мителер бар. Ал эми сырттан кирген мителер оору чакырат. Айрым адамдардын организми мите курттар менен өзү эле күрөшүп жеңип кетет. Кээде адам эхинококкоз менен ооруп калганын билбей жүрүп, башка дартына байланыштуу антибиотик ичип, мите өрчүбөй катып калган учурлар бар", — деди Максүт уулу.
Дарыгер түрдүү оорудан оолак болуу үчүн гигиенаны сактап, эт, нан жана мөмө-жемиш үчүн өз-өзүнчө тактай, бычак колдонуу керектигин кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр:
Жаңылыктар түрмөгү
0