КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук ат оюндары боюнча СССРдин жети жолку чемпиону Төлөндү Раимкулов

Раимкулов: СССР учурунда ат спорту гүлдөгөн мезгил болду

59
КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук ат оюндары боюнча СССРдин жети жолку чемпиону Төлөндү Раимкулов советтик мезгилде ат оюндары боюнча алдыга эч кимди салбагандыгын айтты.

Жигитовка, ат чабыш, тыйын эңмей, көк бөрү боюнча күчтүү спортчулар, командалар СССРдин чемпионатында дайыма алдыда болгон. Бул тууралуу Төлөндү Раимкулов Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Раимкулов: СССР учурунда ат спорту гүлдөгөн мезгил болду

Анын айтымында, ат оюндарына, ат спортуна азыр көңүл бурулса дүйнөлүк аренада ийгилик жарата турчу кыргызстандык спортчулар көп.

"1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы белгиленип, ага карата ири иш-чаралар өткөрүлгөн. Ат оюндары боюнча кызуу даярдык көрүп, жогорку деңгээлде командаларды, спортчуларды даярдаганбыз. Аны Турдакун Усубалиев, Ахматбек Сүйүнбаев көзөмөлдөгөн. Анткени СССРдин министрлер кеңешинин төрагасы Алексей Косыгиндин келери айтылган. Мен жигитовка боюнча программа даярдап, келген конокторго кыргыз жигиттеринин аталардан калган улуу чеберчилигин көрсөттүм. Анткени "ат жалында кыргыз гана мыкты" деп бекеринен айтпаса керек. Тыйын эңмей, кыз куумай, ат чабыш сыяктуу оюндарды мыкты аткардык. Аткаминерлер отурган VIP-боз үйлөр болор эле. Косыгин өзү чакырып, баарыбызды куттуктап, мага жеке өзүнүн атынан батир берген. Ошондон кийин эле биздин топ Минск, Киев, Ленинграддагы ири турнирлерге катышып, ат оюндары боюнча СССРдин ичинде сонун ийгиликтерди жарата алдык. Советтик учурда ат оюндары гүлдөгөн мезгил болгон. Биздин тарыхыбыз чоң. Андыктан ат оюндарына көңүл бурулса кыргыз спортчулары жыйынтыгын тез эле көрсөтөт", — деди Раимкулов.

Ошондой эле спортчу классикалык күрөш боюнча СССРдин эл аралык экстра-класстагы калысы катары ири мелдештерде иш алып барганын кошумчалады.

59
Белгилер:
Көк бөрү, улуттук ат оюндары, Төлөндү Раимкулов
Тема боюнча
Төөчөн салгылашып, атчан дубалды жарып кирип... Каскадёр Эдил Молдалиевдин маеги
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов

Ырысов: автоунаа кырсыгынан улам мээси жабыркаган бейтаптар көбөйдү

60
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов мээ шишиктерине күнүнө ондон операция жасалып жатканын айтты.

Мээнин шишиги эмнеден пайда болору дагы деле белгисиз. Бирок окумуштуулардын божомолуна караганда, тукум куучулук, радиация, экологиянын бузулушу, андан сырткары, химиялык заттар менен көп иштөө таасир этет. Бул тууралуу Кеңешбек Ырысов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ырысов: автоунаа кырсыгынан улам мээси жабыркаган бейтаптар көбөйдү

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы он жылда компьютердик томография жайылып, элге жеткиликтүү болуп калгандан кийин диагностика кыйла жеңилдеп калды.

"Адамдын мээси дагы деле толук изилденип бүтө элек табышмактуу орган. Ошондуктан мээ, жүлүн ооруларынын диагнозун коюу, дарылоо абдан татаал. Жыл өткөн сайын нейрохирургияга байланыштуу изилдөөлөр жүрүп, жыйынтыгын окумуштуулар жарыялап жатат. Ошентсе да булар органды толук таанып-билүү үчүн жетишсиздик кылат. Кыргызстанда акыркы он жылда нейрохирургиянын абалы жакшырды. Мээге операция жасоонун заманбап, жогорку технологиялык ыкмалары жайылууда. Бейтаптарга инвазивдик операция жасап жатабыз. Жыл өткөн сайын баш сөөгүнөн, мээсинен жаракат алгандар көбөйүп бара жатат. Өзгөчө автоунаа кырсыктарынын кесепетинен мээси жабыркаган бейтаптар көп болууда. Көпчүлүгү майып болуп калып же толук жакшы болуп кете албай жатышат. Андыктан бул маселеге да көңүл бурулушу керек. Ошону менен бирге мээ шишиктеринен жабыр тарткан бейтаптар да көп. Күнүнө ондон операция жасап жатабыз. Шишик негизги кан тамырды каптап өсүп калган учурлар болот. Ошондуктан мээдеги шишикти башка органдардагыдай кылып толук алып сала албайбыз. Убакыт өткөндөн кийин ал кайра өсө берет. Шишик мээдеги тамырларды кысканда бейтаптын бир капталы иштебей, шал болуп же сүйлөй албай калат. Азыр оорулуу 90 пайыз жакшы болуп кетсе,  биз үчүн чоң жеңиш", — деди Ырысов.

Нейрохирург мээдеги залалдуу шишикке караганда залалсызы өтө кооптуу экенин, себеби ал химиялык нур менен дарылоону тоготпой турганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

60
Белгилер:
шишик, диагноз, мээ, Кеңешбек Ырысов
Тема боюнча
Мээни керексиз маалыматтардан кантип тазалоо керек. Адистин кеңеши
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров

Сайназаров: билим берүүдө ата-энелер төлөгөн акчаны расмийлештириш керек

28
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров аталган тармакты толук акысыз кылуу саясаты анын сапатына терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

Кыргызстан Орто Азияда билим берүүгө эң көп каражат короткон өлкө болуп эсептелет. Жыл сайын республиканын жалпы чыгымдарынын 20 пайыздан ашыгы ушул тармакка жумшалат. Бул тууралуу Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Сайназаров: билим берүүдө ата-энелер төлөгөн акчаны расмийлештириш керек

Анын айтымында, билим берүү тармагында ата-энелер төлөп жаткан акчаларды ачыктап, расмийлештирмейин аталган багытта өнүгүү болбойт.

"Өлкө билим берүүгө болушунча көңүл бөлүп, жылына эбегейсиз акча короткону менен анын жыйынтыгы начар болууда. Буга толугу менен акысыз билим алуу саясаты себепкер. Дүйнөдө бекер окуткан бир гана СССР болгон. Андан башка бир да өлкөдө билим берүү жүз пайыз бекер эмес. Эгемендүү Кыргызстан да ушул системага өтүшү керек. Башкача айтканда, мамлекеттик жана жеке менчик биргеликте иш алып барганы зарыл. Мисалы, мамлекет кайсы кызматтарды акысыз, бирок сапаттуу көрсөтөрүн ачыктайт. Ошону эске алуу менен ата-энелердин каражатына берилчү башка кызматтарды сунушташы керек. Ансыз деле учурда баласын окутуу үчүн алар каражат кетирип жатышпайбы. Ар бир мектепте ата-энелер фонду бар. Мына ушуларды расмийлештирүү зарыл. Бирок бул жерде маанилүү нерсе, акчасы барларга башка шарт, жокторго өзгөчө мамиле эмес, баланын зээндүүлүгү, билимге болгон кызыгуусу эске алынып, өзүнчө механизмдер иштелип чыгуусу абзел",— деди Сайназаров.

Эксперт ушундай жолго өткөндө гана билим берген тараптын да, окуп жаткандардын да жоопкерчилиги күчөп, иштин сапаты артарын кошумчалады.

28
Белгилер:
система, каражат, илим, билим, Кеңешбек Сайназаров
Тема боюнча
Шейшенов: студенттерди үч жылга Германияда иштеп-окуп келүүгө жөнөтүүдөбүз
Такси. Архив

Бишкекке жакын жерде жүргүнчүлөр таксистке кол салып, ал бычак менен коргонгон

0
(жаңыланган 22:13 29.07.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, эки жүргүнчү 58 жаштагы таксистке кол салган. Кийинчерээк шектүү катары 19 жана 29 жаштагы кишилер кармалган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдар таксистке кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга 58 жаштагы К.А. аттуу адам кайрылып, такси кызматында иштерин айткан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 27-июлда ал "Ош" базарынан кардар салып, жүргүнчүлөр ГЭС-5 районуна жеткирүүнү суранышкан. Болжол менен саат 21:00дө такси көрсөтүлгөн жерге жеткенде автоунаанын артында отурган кардар таксистке кол салып, муунткан. Экинчиси автоунаанын ачкычы менен телефонун тартып алган. Бирок таксист автоунаасындагы бычакты алып, аны менен коргонуп, каракчылардын колунан бошонгон. Андан соң шектүүлөр качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп, эки адамды колго түшүргөнү маалым болду. Алар 19 жаштагы Ш.Ж. жана 29 жаштагы Б.Н. аттуу кишилер болуп чыккан.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери кармалгандардын бул ишке тиешеси бар-жогун текшерип жатканы айтылды. Колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

0
Белгилер:
милиция, бычак, кол салуу, таксист
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин биринен 84 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды
Бишкекте жол кырсыгы болуп, бир киши көз жумду. Видео